НАРЫНДА «ЖЫЛ МУГАЛИМИ» АНЫКТАЛДЫ

  • 14.06.2018
  • 0

Нарын шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Жыл мугалими — 2018» облустук кароосынагы өткөрүлдү.

НАРЫНДА «ЖЫЛ МУГАЛИМИ» АНЫКТАЛДЫ

Маалым болгондой, сынактын максаты  — чыгармачыл мугалимдерди табуу жана иш тажрыйбасын жайылтууну көздөйт. Сынакка райондордон тандалып келген беш мугалим катышты. Алар калыстар тарабынан берилген саламдашуу, билим деңгээлин текшерүү, өз өнөрүн көрсөтүү тапшырмаларын аткарып, ачык сабактын фрагменттерин көрсөтүштү.

НАРЫНДА «ЖЫЛ МУГАЛИМИ» АНЫКТАЛДЫ

Жыйынтыгында 1-орунду Нарын районундагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Усупова Нуржан, 2-орунду Жумгал районундагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Бектемир кызы Майрамкүл, 3-орунду Ак-Талаа районундагы С.Атамбаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Сулайманова Касиет ээледи. Жеңүүчүлөргө Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун тиешелүү даражадагы дипломдору тапшырылды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер