ЖЫЛ МУГАЛИМИ – 2026: БАШ БАЙГЕГЕ – БАТИР, БИРИНЧИЛЕРГЕ 500 000 СОМ

  • 06.10.2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, КР Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты мугалими» республикалык сынагынын финалдык этабы 2026-жылдын 23–25-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 132 талапкер катышты. Эки турдан өткөн 33 конкурсант биринчилик үчүн күч сынашты, жыйынтыгында 15 гана мугалим жеңүүчү деп аталды. Алар 5-октябрь – Билим берүү кызматкерлеринин күнүндө Ырыс-Ордо конгресс-борборунда Министрлер Кабинетинин төрагасы А. Касымалиевдин колунан сыйлыктарды алышты.

ЖЫЛ МУГАЛИМИ – 2026: БАШ БАЙГЕГЕ – БАТИР, БИРИНЧИЛЕРГЕ 500 000 СОМ

Агартуу министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү департаментинин башкы адиси Айчолпон Өмүрбекова билдиргендей, катышуучулар 18 номинация боюнча күч сынашып, конкурс республикалык этапта 3 тур менен өткөрүлдү.

— Сынактын жыйынтыгында 15 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Ал эми 3 номинация боюнча (химия, биология жана дене тарбия предметтери) катышуучулар финалдык этаптын I турунда (тестирлөөдө) белгиленген босого баллга жетпегендигине байланыштуу кийинки турга өтө алышкан жок. Конкурстун III туруна (финалга) 33 мугалим чыгып, алардын ичинен 15 жеңүүчү КР Президентинин фондунан бериле турган сыйлыктарга көрсөтүлдү. Баш байгени жеңип алган Ысык-Көл районунундагы Тамчы жалпы билим берүү мектебинин Диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Бакирова Меруэт Өмүрбековна батир менен сыйланса, биринчи орунга чыкканлдар 500000 сом менен сыйланышты, — дейт башкы адис.

ЖЫЛ МУГАЛИМИ – 2026: БАШ БАЙГЕГЕ – БАТИР, БИРИНЧИЛЕРГЕ 500 000 СОМ

ЖЫЛ МУГАЛИМИ – 2026: БАШ БАЙГЕГЕ – БАТИР, БИРИНЧИЛЕРГЕ 500 000 СОМ

Ал эми калган финалисттер КР Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты.

Таанышып алыңыздар жеңүүчүлөр кимдер?

  1. Жылдын мыкты мугалими сынагынын баш байгесинин  ээси  Ысык-Көл районунундагы Тамчы жалпы билим берүү мектебинин Диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Бакирова Меруэт Өмүрбековна.
  2. Башталгыч класстын мыкты мугалими Кара-Кулжа районундагы Б.Бегиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Мийзамова Сүйүмкан Исраиловна.
  3. Кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими Ак-Суу районундагы Ү.Калиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Алекова Бермет Болотбековна.
  4. Орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими Ак-Суу районундагы М. Мамакеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Кадырова Миргуль Макеновна.
  5. Мыкты математика мугалими Каракол шаарындагы Т.Сатылганов зээндүү балдардын жатак-мектебинин мугалими Орузбаева Нурия Калысбековна.
  6. Мыкты тарых мугалими Сокулук районундагы А.Жакшылыков атындагы жалпы билим берүүчү  мектебинин мугалими Абдрахманова Зарина Жаныбековна.
  7. Адам жана коом предмети боюнча мыкты мугалим Жети-Өгүз районундагы М.Тынаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Борончу кызы Гүлзат.
  8. Мыкты чет тили мугалими Ош шаарындагы № 27 партсъезд атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Гафарова Айжан Октомовна.
  9. Мыкты физика мугалими Москва районундагы №3 Беловодск атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин мугалими Джаманкулов Азамат Атагельдиевич.
  10. Мыкты информатика мугалими Жумгал районундагы О.Ногойбаев атаныдагы жалпы билим берүүчү мектебинин мугалими Турарова Калбүкан Тураровна.
  11. Диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча мыкты мугалим  Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылындагы Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин мугалими Эшимбек кызы Айсулуу.
  12. Мыкты география мугалими Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин мугалими Мамбетказиева Эльвира Кошойбековна.
  13. Мыкты музыка мугалими Чаткал районундагы Ю.Гагарин атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин мугалими Сандыбаев Абдурасул Кудайбердиевич.
  14. Көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим Кемин районундагы Б.Солтоноев атындагы Тегирменти жалпы билим берүүчү  мектебинин мугалими Көчөрбаева Алтынай Тариеловна.
  15. Аскерге чейинки даярдык боюнча мыкты мугалим Ош шаарындагы № 35 Ж.Атабаев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин мугалими Кебеков Ашимжан Турдуевич.
  16. Жылдын мыкты тарбиячысы Сарбаева Зарена Акылбековна
  17. Жылдын мыкты методисти Үсөн кызы Нуркыз
  18. Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими Усарова Асилай Абдикеримовна
  19. Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси Өмүркулов Нурболот Өмүркулович

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү