ЗОМБУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШ: СЕБЕПТЕР, КЕСЕПЕТТЕР ЖАНА АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ

  • 25.11.2026

24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бурул Аманова Эл аралык Кувейт университети уюштурган «Азыркы коомдогу зомбулук: себептери, түрлөрү, формалары жана алдын алуу жолдору» аттуу тегерек столго катышты. Иш-чарага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эксперттер, психологдор жана мугалимдер катышты. ЗОМБУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШ: СЕБЕПТЕР, КЕСЕПЕТТЕР ЖАНА АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ

Тегерек столдун негизги максаты – азыркы коомдогу зомбулуктун себептерин аныктоо, анын ар кандай көрүнүштөрүн жана алдын алуу жолдорун талкуулоо, ошондой эле көйгөйдү чечүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу болду. ЗОМБУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШ: СЕБЕПТЕР, КЕСЕПЕТТЕР ЖАНА АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ

Өз сөзүндө депутат Бурул Аманова бул багытта парламент тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, учурда буллинг жана кибербуллинг маселелери боюнча мыйзамдык демилгенин үстүндө иш жүрүп жатканын маалымдады. Ошондой эле бул түшүнүктөр улуттук мыйзамдарга биринчи жолу киргизилип жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, эл өкүлү мындай көйгөйлөрдү чечүүдө педагогдор гана эмес, ата-энелер жана жалпы коомчулук да биргеликте, тыгыз иш алып баруусу зарылдыгын баса белгиледи.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү