А.КОЙЧИЕВ: «УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ – ЭЛИБИЗДИН ЭС ТУТУМУНУН МЕЙКИНДИГИ”

  • 25.11.2026

24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барып, мекеменин ишмердүүлүгүн жана өнүгүү концепциясын талкуулаган көчмө жыйын өткөрдү.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук тарых музейинин жетекчилиги, Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун жетекчилиги жана окумуштуулары, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору, ошондой эле белгилүү тарыхчылар, археологдор жана тармактык адистер катышты. А.КОЙЧИЕВ: «УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ – ЭЛИБИЗДИН ЭС ТУТУМУНУН МЕЙКИНДИГИ”

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик катчы музейдеги экспонаттардын учурдагы абалы жана сакталышы менен жеринде таанышты. Андан кийин тарыхый-маданий мурастарды заманбап талаптарга ылайык чагылдыруу жана музейдин концепциясын өркүндөтүү багытында тарыхчылардын жана илимий чөйрөнүн пикирлерин, сунуштарын укту.

Арслан Койчиев Улуттук тарых музейинин миссиясы экспонаттарды сактоо жана көрсөтүү менен гана чектелбестен, улуттук тарыхый эс тутумду калыптандыруу, мамлекеттүүлүк салтын жана руханий-маданий мурастарды кийинки муундарга жеткирүү менен тыгыз байланышта экенин баса белгиледи. А.КОЙЧИЕВ: «УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ – ЭЛИБИЗДИН ЭС ТУТУМУНУН МЕЙКИНДИГИ”

«Улуттук тарых музейи – элибиздин тарыхый эс тутумун, мамлекеттүүлүк салтын, руханий жана маданий мурасын чагылдырган маанилүү илимий-билим берүү мейкиндиги. Мында ар бир доордун орду, тарыхый окуялардын өз ара байланышы, мамлекеттүүлүктүн өнүгүү этаптары жана кыргыз элинин дүйнөлүк тарыхтагы орду объективдүү, илимий негизде чагылдырылышы зарыл. Музейге келген ар бир конок жана кыргыз жараны, өзгөчө жаш муун, бул жерден өз тарыхын таанып, ата-бабаларыбыздын тарыхый жолун түшүнүп, улуттук мурастарыбыз менен сыймыктанууга дем алышы керек», – деди Мамлекеттик катчы.

Талкуунун жыйынтыгында тарыхты мезгилдештирүү маселеси, акыркы археологиялык казуулардын жүрүшүндө табылган баалуу артефакттарды экспозицияларга жайгаштыруу, ошондой эле илимий негизделген мазмунду байытуу сыяктуу актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын соңунда Улуттук тарых музейинин экспозициялык концепциясын мындан ары да тактоо жана тарыхый-археологиялык материалдарды кеңири жайылтуу боюнча биргелешкен иштерди улантуу зарылдыгы белгиленди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү