ЖЫЛ МУГАЛИМИ-2025: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР!

  • 25.09.2025
  • 0

Республиканын бардык аймактарынан сынакка келген 111 талапкердин ичинен болгону   11 мугалим өз предметтери боюнча мыкты деп аталды.

ЖЫЛ МУГАЛИМИ-2025: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР!

 

“Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун  финалдык республикалык  этабынын үч турунун жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К.Уметалиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүүчү  мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова «Жылдын мыкты мугалими» номинациясын жеңип, гран-прини утуп алды. Башталгыч класстардын мыкты мугалими номинациясынын ээси Бишкек шаарынын Ленин районундагы №68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч классынын  мугалими Ардак Токтоноева.  Орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими номинациясын  Ош шаарындагы №43 З.М. Бабур атындагы жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Озада  Салахудинова жеңип алды.  Ал эми  Мыкты тарых мугалими наамы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы О.Турсуматов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин тарых мугалими Азирет Асылбековго тийди.  «Адам жана коом» предмети боюнча мыкты мугалим деп Ош шаарындагы №4 С.Киров атындагы жалпы билим берүү мектебинин “Адам жана коом” предмети боюнча мугалими Зулхумор Хафизова аныкталды. Мыкты чет тили мугалими номинациясына Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында жайгашкан No14 А.Тангатаров атындагы жалпы орто билим берүүчү жатак- мектебинин англис тил мугалими Махабат Шорохова татыктуу болду. Ош облусунун Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатынын география мугалими Эрали Абдиевге мыкты география мугалими деген номинация ыйгарылды. «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалим деп Нарын облусунун Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү  мектебинин мугалими Надира Шаршенбаева таанылды. Мыкты музыка мугалими номинациясын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы М. Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин музыка мугалими Кубанычбек Урпалыев жеңди. Ал эми  Мыкты дене тарбия мугалими номинациясына Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ж. Асаналиев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Асылбек Кыдыров татыктуу болду. Мындан сырткары Көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим номинациясын Ысык-Көл районундагы А.С.Пушкин атындагы жалпы орто  билим берүү мектебинин Көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мугалими Айнура Чынасылова багындырды.

ЖЫЛ МУГАЛИМИ-2025: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР!

Ошентип, конкурс мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатып, билим берүү системасын өнүктүрүүгө зор салым кошту. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана аларга мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер