ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА 33,9 МЛРД СОМ БӨЛҮНДҮ

  • 05.09.2023
  • 0

ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА 33,9 МЛРД СОМ БӨЛҮНДҮ

Жыл башынан бери республикалык бюджеттен билим берүү жана илим тармагына 33,9 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылга карата жылдык такталган план боюнча 52 млрд сом каралган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 5,8 млрд сомго көп.

Бөлүнгөн каражат төмөнкү багыттарга жумшалды:

  • эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө 32,8 млрд сом;
  • билим берүү уюмдарынын студенттеринин, окуучуларынын "Тамак-аш" беренеси боюнча чыгашалар 454 млн сом;
  • билим берүү уюмдарынын стипендияларына 70,9 млн сом;
  • жалпы билим берүүчү мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга, анын ичинде Брайл арибиндеги окуу китептерин сатып алууга 152 млн сом;
  • мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадасына 4 млн сом;
  • мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын жана математика боюнча республикалык олимпиаданы өткөрүүгө 4,8 млн сом;
  •  «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына абитуриенттерди тестирлөө үчүн 1,8 млн сом;
  • билим берүү мекемелерин учурдагы оңдоого 114,1 млн сом суммасында;
  • мектептердеги интернет байланышы үчүн абоненттик төлөмгө 14 млн сом бөлүнгөн.
Бөлүшүү

Комментарийлер