ЖУСУПОВ КЕҢЕШ ЖУСУП БАЛАСАГЫН УНИВЕРСИТЕТИНИН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ

  • 17.04.2024
  • 0

ЖУСУПОВ КЕҢЕШ ЖУСУП БАЛАСАГЫН УНИВЕРСИТЕТИНИН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

“Кеңеш Жусупов: Кыргыз маданияты жана адабияты” аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияда кыргыз эл кадырлаган талантуу жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу жакшы ой-пикирлер айтылды. Илимий жыйындын катышуучулары бир добуштан залкар  жазуучуга “Кыргыз Республикалынын баатыры” жогору наамын ыйгаруу жөнүндө демилгени колдоого алышты.

Кеңеш Жусупов көп жылдык мээнет терин төгүп, кашыктап чогултуп жарыялаган, үч томдуктан он томдук, он төрт томдук жана 40 томдук басылмаларга чейин жеткирилген “Кыргыздар” жыйнагы (1990-2023) эгемен Кыргызстандын маданий турмушундагы өзгөчө бурулуш, баа жеткис табылга болуп калган эле.

Кыргыздар жөнүндөгү 40 томдук жыйнактын бет ачаарында Кыргыз эл баатыры Медеткан Шеримкулов залкар жазуучу Кеңеш Жусуповго “Кыргыз эл баатыры” наамын ыйгаруу демилгесин биринчи көтөргөн эле.

Бүгүнкү илимий-практикалык конференцияда дагы академик Абдыганы Эркебаев, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, Кыргыз эл акындары Шайлообек Дүйшеев, Маркабай Амаатов, Тынчтыкбек Нурмамбетов, Кыргыз эл жазуучусу Меңди Мамазаирова, коомдук ишмер Каныбек Иманалиев жана башка коомдук ишмерлер, илим докторлору, профессорлор  дагы бир добуштан Кеңеш Жусуповго жогорку мамлекеттик наам берүү сунушун колдоого алышты.

Кеңеш Жусупов Эшенаалы Арабай уулу атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин дагы ардактуу профессору. Жакында эле жазуучунун чыгармаларынын беш томдук жыйнагы да жарык көрдү.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер