КЕЛЕЧЕКТИН “ЖАШЫЛ” КЕСИПТЕРИ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ ДҮЙНӨЛҮК ТРИБУНАДА

  • 19.11.2026

“Климаттык өзгөрүүлөргө каршы аракеттер эмгек рыногунун жаңы талаптарына шайкеш келгенде гана туруктуу натыйжа берет: кесиптик лицейлердеги “жашыл” көндүмдөр жана эл аралык техникалык кызматташтык өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө түз салым кошот”.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин делегациясы Түркиянын Анталья шаарында өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (COP31) катышып келди. Делегацияны агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова жетектеп барды. Кыргыз делегациясы бул эл аралык аянтчада өлкөбүздүн жаңы доордун талабына — “жашыл” экономикага ылайык кадрларды даярдоо тажрыйбасын таанытты.

КЕЛЕЧЕКТИН “ЖАШЫЛ” КЕСИПТЕРИ:  КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ ДҮЙНӨЛҮК ТРИБУНАДА

Дүйнөлүк аренадагы кыргыз билим берүүсүнүн үнү

Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү жөн гана экологиялык маселе эмес, ал экономиканын, эмгек рыногунун жана билим берүү системасынын багытын түп-тамырынан бери өзгөртүп жаткан глобалдык чакырык. Агартуу министрлигинин өкүлдөрүнөн турган делегациянын COP31 саммитине катышуусу — Кыргызстандын билим берүү саясаты глобалдык тренддер менен үндөш өнүгүп жатканынын айкын далили. Өзгөчө кубанычтуусу, бул абройлуу жыйынга мекендешибиз, агартуу министринин мурдагы орун басары, учурда Ислам дүйнөсүнүн билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ICESCO) билим берүү секторунун жетекчисинин орун басары кызматын аркалап жаткан Лира Самыкбаева да катышты. Бул Кыргызстандын билим берүү тармагындагы эксперттик потенциалы эл аралык деңгээлде жогору бааланарын көрсөтүп турат.

КЕЛЕЧЕКТИН “ЖАШЫЛ” КЕСИПТЕРИ:  КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ ДҮЙНӨЛҮК ТРИБУНАДА

Кесиптик лицейлер — “жашыл” экономиканын кыймылдаткыч күчү

Конференциянын алкагында министрлик бир катар тематикалык иш-чараларды (сайд-ивенттерди) өткөрдү. Алардын бири Кыргыз Республикасынын павильонунда “Жашыл көндүмдөр жана келечектин кесиптери: туруктуу өнүгүүдөгү кесиптик лицейлердин ролу” деген темада уюштурулуп, өзгөчө мааниге ээ болду. Анткени көп учурда климаттык саммиттерде илимий божомолдор же ири каржылык долбоорлор тууралуу сөз болуп, бирок ошол долбоорлорду иш жүзүндө аткара турган жумушчу кадрлардын даярдыгы көмүскөдө калып келет.

Кыргызстан болсо бул маселеге системалуу мамиле жасап, башталгыч кесиптик билим берүү тармагын “жашыл” багытка буруунун реалдуу үлгүсүн сунуштады. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн кесиптик лицейлери эмгек рыногунун жаңы суроо-талаптарына ылайык беш негизги багыт боюнча кадрларды даярдоого басым жасоодо:

  • Кайра жаралуучу энергетика: күн жана шамал электр станцияларын тейлөөчү адистер;
  • Энергияны үнөмдөөчү курулуш: заманбап жылуулоо технологияларын жана экологиялык таза материалдарды колдонгон куруучулар;
  • Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарбасы: сууну үнөмдөөчү тамчылатып сугаруу системаларын орнотуучулар жана органикалык дыйканчылык адистери;
  • Циркулярдык экономика: калдыктарды кайра иштетүү жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу технологиялары;
  • Көмүртеги аз транспорт: электромобилдерди жана заманбап транспорт каражаттарын тейлөөчү механиктер.

Бул багыттар жөн гана окуу программасындагы жаңылык эмес, бул — тоолуу өлкөбүздүн назик экосистемасын сактоо менен бирге экономикалык өсүштү камсыз кылуунун стратегиялык жолу.

КЕЛЕЧЕКТИН “ЖАШЫЛ” КЕСИПТЕРИ:  КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ ДҮЙНӨЛҮК ТРИБУНАДА

Теориядан практикага: түрк тажрыйбасы жана жаңы өнөктөштүк

Саммиттин жүрүшүндө министрдин орун басары Надира Джусупбекованын катышуусунда өткөн эки тараптуу жолугушуулар кесиптик билим берүүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана эл аралык стандарттарга жакындатууга багытталды. Аларда “жашыл” экономика үчүн кадрларды даярдоо жана эл аралык кызматташтык маселелери каралды.

Делегация өкүлдөрү Антальядагы Али Бахар атындагы техникалык колледждин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Жолугушууда лифт жабдуулары боюнча адистерди, слесарларды, ширетүүчүлөрдү жана башка техникалык кесиптер боюнча кадрларды даярдоодо кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда, айрыкча Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарларда көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу өскөн шартта, мындай адистерге болгон муктаждык курч турат. Түркиянын алдыңкы техникалык колледжи менен түзүлүп жаткан кызматташтык дал ушул тартыштыкты жоюуга жана бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) менен башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр лицейлердин өндүрүштүк устаканаларын жаңылоого жаңы дем берери шексиз.

Келечекке көз караш

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү мектеп партасынан жана кесиптик лицейлердин устаканаларынан башталат. Анткени эртеңки күндүн технологиясын башкара турган жаштарды бүгүн окутпасак, «жашыл» экономикага өтүү кагаз жүзүндө гана калышы мүмкүн. Агартуу министрлигинин COP31 аянтчасындагы жигердүү ишмердүүлүгү Кыргызстандын кесиптик билим берүү системасы заман талабына ыкчам жооп берип, жаштарды келечектин кесиптерине даярдоого даяр экенин дагы бир ирет тастыктады.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү