НЫЯЗААЛЫ БОРОШ УУЛУНУН 170 ЖЫЛДЫГЫ: РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 19.11.2026

17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору тарабынан залкар комузчу Ныязаалы Борош уулунун 170 жылдыгына арналган «Ныязаалы Борош уулунун чыгармачылык мурасы жана комузчулук өнөр: айтым күү феномени, устат-шакирт өнөрканасы» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. НЫЯЗААЛЫ БОРОШ УУЛУНУН 170 ЖЫЛДЫГЫ: РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Илимий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева жана Гүлшаркан Култаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары Октябрь Капалбаев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, ошондой эле илимпоздор, маданият жана искусство өкүлдөрү катышты. НЫЯЗААЛЫ БОРОШ УУЛУНУН 170 ЖЫЛДЫГЫ: РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Конференциянын негизги максаты залкар комузчунун чыгармачылык мурасын терең изилдөө, кыргыздын комузчулук өнөрүндөгү ордун жана салымын даңазалоо, айтым күү феноменинин өзгөчөлүктөрүн илимий жактан талдоо, ошондой эле устат-шакирт салтын сактоо жана кийинки муунга өткөрүп берүү маселелерин талкуулоо болду. НЫЯЗААЛЫ БОРОШ УУЛУНУН 170 ЖЫЛДЫГЫ: РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө Ныязаалы Борош уулунун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана кыргыз музыкалык маданиятындагы орду тууралуу баяндамалар жасалып, улуттук комузчулук өнөрдүн тарыхый жана руханий баалуулуктарын сактоо боюнча пикир алмашуулар болду.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү