АР БИР БАЛАГА КООПСУЗ БАЛАЛЫК: МАНИЛАДА ГЛОБАЛДЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 20.11.2026

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева 18–19-ноябрда Филиппин Республикасынын Манила шаарында өткөн балдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча Экинчи глобалдык министрлер конференциясына катышты. Иш-чара Филиппин Өкмөтү, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, ЮНИСЕФ жана БУУнун Башкы катчысынын балдарга карата зомбулук маселеси боюнча Атайын өкүлү тарабынан уюштурулуп, 2024-жылы Боготада өткөн Биринчи конференциянын уландысы болду. Ал жыйында Кыргызстанды кошкондо 100дөн ашык мамлекет улуттук милдеттенмелерди алган эле. АР БИР БАЛАГА КООПСУЗ БАЛАЛЫК: МАНИЛАДА ГЛОБАЛДЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Маниладагы конференцияда Кыргызстан зомбулуктун алдын алууга, тобокелдиктерди эрте аныктоого жана үй-бүлөнү колдоого багытталган үч улуттук милдеттенмени сунуштады. Алардын катарында дене жазасын жоюу жана ата-эне менен баланын ортосунда ишенимдүү мамиле түзүү үчүн билим берүү тутумуна позитивдүү ата-энелик тарбия программаларын киргизүү каралган. АР БИР БАЛАГА КООПСУЗ БАЛАЛЫК: МАНИЛАДА ГЛОБАЛДЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Ошондой эле өлкө боюнча мектептеги психологиялык кызматтарды өнүктүрүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу аркылуу мектепти коргоонун ишенимдүү биринчи чегине айландыруу милдети коюлду. Үчүнчү милдеттенме балдарды коргоо тутумун санариптештирүү жана ведомстволор аралык маалымат алмашууну өнүктүрүү аркылуу координацияны күчөтүүгө жана тобокелдиктерге ыкчам жооп кайтарууга багытталган. АР БИР БАЛАГА КООПСУЗ БАЛАЛЫК: МАНИЛАДА ГЛОБАЛДЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Конференциянын алкагында Асель Чынбаева ЮНИСЕФтин балдарды коргоо жана миграция боюнча директору Шима Сен Гупта жана БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин төрайымы Софи Киладзе менен жолугушуп, балдардын укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыктын келечегин талкуулады. Жалпысынан сунушталган жана кабыл алынган милдеттенмелер мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, социалдык кызматтардын жана үй-бүлөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирип, ар бир балага коопсуз балалыкты камсыздоону көздөйт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү