«ЖУСУП» ТАРЫХЫЙ-КӨРКӨМ ТАСМАСЫНЫН БЕТ АЧАРЫ БОЛДУ

  • 17.09.2026

16-сентябрда Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 35 жылдыгына, Журт Атасы Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына жана Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган «Жусуп» тарыхый-көркөм тасмасынын улуттук бет ачары чоң салтанат менен болуп өттү. «ЖУСУП» ТАРЫХЫЙ-КӨРКӨМ ТАСМАСЫНЫН БЕТ АЧАРЫ БОЛДУ

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен тартылган бул кинотасма кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өрнөктүү өмүр жолун жана тарыхый ишмердүүлүгүн баяндайт. Тасмада улуттук тарыхыбыздын эң маанилүү жана татаал барактары жогорку деңгээлде көркөм чагылдырылган. «ЖУСУП» ТАРЫХЫЙ-КӨРКӨМ ТАСМАСЫНЫН БЕТ АЧАРЫ БОЛДУ

Тарыхый мааниси зор бул иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмер Роза Айтматова, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият менен кино тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле тасманын чыгармачыл тобу катышты. «ЖУСУП» ТАРЫХЫЙ-КӨРКӨМ ТАСМАСЫНЫН БЕТ АЧАРЫ БОЛДУ

Бет ачардын жүрүшүндө тасманын жаратуучулары көрүүчүлөргө тааныштырылып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый орду жана анын баскан жолун өсүп келе жаткан жаш муундарга таанытып, жеткирүүнүн тарбиялык мааниси өзгөчө белгиленди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү