ЖУСУП  АБДРАХМАНОВДУН 120 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

  • 20.05.2021
  • 0

19-майда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде  Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө эбегейсиз эмгеги калган Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата «Улут лидери Жусуп  Абдрахманов» аталышындагы аймактык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө»  жарлыгынын негизинде Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана түптөлүшүнө зор салым кошкон, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук,  саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүк калтыруу максатында Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык маданият башкармалыгы жана Ош МПУ тарабынан уюштурулду.

Илимий саамалыкка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарындагы белгилүү тарыхчылар, окутуучулар жана студенттер катышты. Расмий ачылышында Ош шаарынын вице мэри Эмил Шадыканов, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы, тарых илимдеринин доктору Балтагул Нурумбетов жана университеттин проректору Каныбек Раимбеков куттуктоо сөздөрүн айтышып, иш-чарага ийгилик каалашты. Ошондой эле мында катышкан илимпоздор Жусуп Абдрахмановдун өмүр-жолу, ишмердүүлүгү, калтырган эмгектери тууралуу өз изилдөөлөрүнүн негизинде баяндамаларды жасашып, тарыхта өчпөс изи калган инсандын бейнесин илимий эмгектери аркылуу ачып беришти.

Жыйынтыгында Ош шаарынын мэриясы жана уюштуруу тобу тарабынан мыкты баяндама жасаган изилдөөчүлөргө алкыш баракчалар, Ардак грамота жана сертификаттар тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер