УЛУТТУК СЫЙМЫК: VI ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ  КЫРГЫЗСТАНДА

  • 24.08.2026
  • 0

 Кыргызстан — көчмөн цивилизациянын байыркы мурасын сактап, аны дүйнөгө таанытып келе жаткан өлкө. 2026-жылдын 1–6-сентябрында Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өтөт.

Маалыматтарга караганда, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген спортчулар улуттук спорттун түрлөрү боюнча күч сынашып, кыргыз элинин салт-санаасы, маданияты жана руханий мурасы менен таанышат.

Көк бөрү, ат чабыш, кыргыз күрөшү, алыш жана башка улуттук оюндар — ата-бабадан калган мурастын уландысы.

Айтмакчы, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында телекоммуникациялык инфраструктураны камсыз кылуу боюнча да келишимдерге кол коюулду.

УЛУТТУК СЫЙМЫК: VI ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ  КЫРГЫЗСТАНДА

Министрлик менен «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун ортосунда телекоммуникациялык инфраструктураны тесттик сыноодон өткөрүү жана кызматташуу жөнүндө келишим түзүлдү.

УЛУТТУК СЫЙМЫК: VI ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ  КЫРГЫЗСТАНДА

Келишимге ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан объектте атайын бөлүнгөн байланыш каналы аркылуу интернетке убактылуу жана акысыз жеткиликтүүлүк уюштурулат. Тесттик сыноолор байланыш каналдарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, туруктуулугун жана техникалык даярдыгын баалоого багытталган.

Мындан тышкары, «Кыргызтелеком» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына техникалык өнөктөш катары катышып, иш-чараны маалыматтык коштоого көмөк көрсөтөт.

Ошондой эле министрлик менен «ЭлКат» жоопкерчилиги чектелген коому ортосунда электр байланыш жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлду. Анын алкагында оюндар өтүп жаткан мезгилде тиешелүү объекттерде интернет жана маалыматтарды берүү кызматтары, техникалык колдоо жана байланыштын сапатын камсыз кылуу каралган.

Туруктуу жана сапаттуу байланыш инфраструктурасы оюндардын катышуучулары, коноктору, жалпыга маалымдоо каражаттары жана уюштуруучулары үчүн зарыл шарттарды түзөт.

Бул иш-чара  — жөн гана спорттук мелдеш эмес. Бул — көчмөндөрдүн тарыхын, маданиятын жана биримдигин дүйнөгө көрсөтүүчү чоң майрам.

VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары — улуттук сыймык, тарыхый мурас жана келечекке жол!

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер