АГАРТУУЧУЛАРДЫН ЭКИ КҮНДҮК ФОРУМУ

  • 24.08.2026
  • 0

2026-жылдын 21–22-августунда Бишкек шаарында билим берүү тармагындагы жылдын башкы иш-чарасы — «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө» Улуттук педагогикалык форуму өттү.

АГАРТУУЧУЛАРДЫН ЭКИ КҮНДҮК ФОРУМУ

Маалыматка таянсак, форум 400дөн ашуун катышуучуну — мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин, мектеп директорлорун, мугалимдерди, кесиптик лицейлердин кызматкерлерин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди.

АГАРТУУЧУЛАРДЫН ЭКИ КҮНДҮК ФОРУМУ

Форумдун биринчи күнүндө расмий ачылыш аземи өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын орун басарлары, ошондой эле өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

АГАРТУУЧУЛАРДЫН ЭКИ КҮНДҮК ФОРУМУ

Адылбек Касымалиев форумдун катышуучуларына куттуктоо сөзү менен кайрылып: «Жаңы доорго — жаңы билим. Жаңы билимге — жаратман педагог керек. Бир бүтүн билим берүү экосистемасы — замандын талабы», — деп белгиледи.

АГАРТУУЧУЛАРДЫН ЭКИ КҮНДҮК ФОРУМУ

Форумдун экинчи күнүндө Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин, Республикалык илимий-методикалык борбордун, «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин, балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү жана эксперттери жаңы окуу жылында билим берүү процессинин катышуучулары үчүн кандай өзгөрүүлөр болору тууралуу маалымат берип, лекцияларды жана мастер-класстарды өткөрүштү.

АГАРТУУЧУЛАРДЫН ЭКИ КҮНДҮК ФОРУМУ

АГАРТУУЧУЛАРДЫН ЭКИ КҮНДҮК ФОРУМУ

АГАРТУУЧУЛАРДЫН ЭКИ КҮНДҮК ФОРУМУ

Белгилей кетсек, жыл сайын август айында агартуучулардын форуму өткөрүлүп, анда билим берүү системасынын учурдагы абалына баа берилип, жаңы окуу жылына карата негизги багыттар аныкталат.

Баса, агартуучулар үчүн методикалык сунуштамалар, Базистик окуу программалары, окуу китептеринин тизмелери “Кут Билим” гезитинде жарыяланды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер