ПРЕЗИДЕНТ ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА ДАЯРДЫКТЫН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
- 24.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 22-августта “Бишкек Арена” стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, анын аймагында жайгашкан негизги объектилерди, анын ичинде комплекстин негизги коомдук зоналарынын бири болгон соода борборун көрүп чыкты. Даярдык иштеринин жүрүшүндө ачылыш аземин уюштурууга жана алдыдагы иш-чаранын катышуучулары менен коноктору үчүн зарыл шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Оюндардын ачылышына даярдыктын алкагында Мамлекет башчысына алдыдагы ачылыш аземдин айрым бөлүктөрү да көрсөтүлдү. 
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Мелдештерге дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн келген 3000ге жакын спортчу спорттун салттуу түрлөрү жана этномаданий дисциплиналар боюнча күч сынашат.
А.К., «КБ»
Комментарийлер