ЖУРНАЛИСТТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНЫП, КЫРДААЛДАН ЧЫГУУ ЖОЛДОРУ АЙТЫЛДЫ

  • 01.10.2021
  • 0

Бүгүн Бишкек шаарында журналисттерди даярдаган жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен практик журналисттер “Кыргызстандагы журналисттик билим: көйгөйлөрдү чечүү жана чечүү жолдору” аттуу тегерек столдо журналисттик билим берүүдөгү көйгөйлөрдү аныкташып, анын биргелешип чечүү жолдорун издешти.

Бул иш-чара журналисттерди даярдаган окуу жайлардын окутуучуларынын бири бири менен болгон байланышын бекемдөө, практик журналисттер менен болгон кызматташтыкты кеңейтүү, жарандык коом жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктү түзүү, сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүү маселесине багытталды.

— Бүгүн биз журналисттик билим берүүдөгү көйгөйлөрдү биргеликте чечүү максатында атайын практик журналисттер менен ЖОЖдордун окутуучуларынын башын бириктирип отурабыз. Себеби биз көтөргөн маселелердин чечилишине практиктер дагы салым кошпосо болбойт. Анткени азыр көпчүлүк редакциялар жогорку окуу жайлар даярдап жаткан студенттердин кесиптик даярдыгына нааразы.  Журналисттик кесип өзүңүздөр билгендей, теориялык билим алуу менен чектелип кала турган кесип эмес. Практика болмоюнча өздөштүрүп кетүү кыйын. Ошондуктан массалык маалымат каражаттарын кызматташууга чакырып жатабыз, — дейт тегерек столдун уюштуруучусу, Кыргызстан коммуникаторлор ассоциациясынын төрагасы Элира Турдубаева.

Азыр Кыргызстанда журналисттер 12 жогорку окуу жайында даярдалат. Иш-чарага бардык окуу жайлардын өкүлдөрү чакырылган. Алар кесип даярдоодо студенттерге теория менен практиканы айкалыштырыш үчүн практикалык сабактар жетишпей жатканын, айрым окуу жайларда техникалык база начар болгондуктан талаптагыдай билим берилбей жатканын, ашыкча сабактардан арылуу зарылдыгын, студенттер арасында да, профессордук-окутуучулар курамынын арасында да академиялык мобилдүүлүк зарыл болуп турганын баса белгилешти.

Мамлекеттик деңгээлде Медиа институт ачуу, ММКлар менен кызматташуу үчүн келишимдерди түзүү, окутуучулардын практикалык жөндөмүн өнүктүрүү, окуу китептерин, окуу колдонмолорун биргелешип иштеп чыгуу сунуштары да айтылды.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер