КМТУ МЕНЕН «КЫЗМАТ» МЕКЕМЕСИ ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ КЫЗМАТТАШАТ

  • 18.09.2026

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси дуалдык билим берүүнү уюштуруу боюнча маанилүү келишимге кол коюшту. КМТУ МЕНЕН «КЫЗМАТ» МЕКЕМЕСИ ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ КЫЗМАТТАШАТ

Расмий документке КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев жана «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Азамат Джапаров кол койду. Бул демилге университеттин бүгүнкү күндөгү артыкчылыктуу милдеттеринин бири болгон — мамлекеттик ишканалар жана мекемелер үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо максатын көздөйт. КМТУ МЕНЕН «КЫЗМАТ» МЕКЕМЕСИ ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ КЫЗМАТТАШАТ

КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев белгилегендей, дуалдык билим берүүнү биргелешип уюштуруу теориялык билим менен практикалык даярдыктын ортосундагы ажырымды кыскартууга чоң өбөлгө түзөт. «Студенттер окуу учурунда эле реалдуу иш процессине аралашып, тажрыйбалуу адистерден үйрөнүп, келечектеги кесибине керектүү практикалык көндүмдөргө ээ болушат. Биздин башкы максат — мамлекеттик мекемелерге керектүү, заманбап талаптарга жооп берген квалификациялуу кадрларды даярдоо», — деди ал. Өз кезегинде «Кызмат» мекемесинин жетекчиси Азамат Джапаров да жогорку окуу жай менен практикалык багыттагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. КМТУ МЕНЕН «КЫЗМАТ» МЕКЕМЕСИ ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ КЫЗМАТТАШАТ

Түзүлгөн келишимдин жана дуалдык окутуунун алкагында жогорку курстун студенттери IT, маалыматтык жана киберкоопсуздук, программалык инженерия, жасалма интеллект жана башка актуалдуу багыттар боюнча тиешелүү мекемеде практикалык даярдыктан өтүшөт. Бул стратегиялык өнөктөштүк студенттерге алган теориялык билимин практика менен айкалыштырып, окууну аяктаганда эмгек рыногуна толук кандуу даяр адис катары калыптанууга кеңири мүмкүнчүлүк берет.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү