УҢГУЖОЛ ЖОЖДОРДО: БМУДА КЕРЕГЕ-КЕҢЕШ ӨТТҮ
- 18.09.2026
- 0
17-сентябрда академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде түзүлгөн «Уңгужол – тарбия кербени» долбоорунун 2026–2027-окуу жылына карата иш-пландарын талкуулоо жана бекитүү боюнча кереге кеңеш болуп өттү.
Иш-чарага өлкөнүн жогорку окуу жайларынын проректорлору, долбоордун өкүлдөрү, жаштар менен иштөө бөлүмдөрүнүн адистери жана студенттик кеңештердин лидерлери катышты. 
Жыйындын жүрүшүндө долбоордун негизги максаттары жана алдыдагы милдеттери кеңири талкууланды. Негизги басым жаштар арасында улуттук баалуулуктарды, мекенчилдикти, адеп-ахлактык сапаттарды жана жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жасалды. Ошондой эле, ЖОЖдордун долбоор алкагындагы иш-пландары каралып, биргелешкен тарбиялык жана маданий-агартуу иш-чараларын уюштуруу боюнча маанилүү сунуштар айтылды. Анда улуттук нарк-насилди жана салттуу баалуулуктарды жайылтуу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, студенттик жаштардын мекенчилдик сезимин жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу багыттарына өзгөчө көңүл бурулду. 
Кереге кеңештин жыйынтыгы менен 2026–2027-окуу жылына карата 9 жогорку окуу жайдын биргелешкен иш-планы жактырылды. Натыйжада, долбоордун алкагында ЖОЖдор аралык тарбиялык, маданий-агартуу жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталган иш-чараларды системалуу өткөрүү боюнча макулдашуулар кабыл алынды. 
«Уңгужол – тарбия кербени» долбоору жогорку окуу жайлардын өз ара кызматташуусун бекемдеп, жаштардын улуттук аң-сезимин өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иштерди натыйжалуу уюштурууга чоң өбөлгө түзөрү белгиленди.
