А.АЛАГОЗОВ: ПРЕЗИДЕНТ ОКУУ КИТЕПТЕРИНЕ ДАГЫ 7 МЛРД БӨЛДҮ

  • 18.09.2026
Урматтуу кыргызстандыктар!
Мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздиги боюнча ата-энелердин нааразычылыгын көрүп жатабыз. Көйгөй илгертен бери бар жана аны жашырууга же ар кандай себептер менен актоого болбойт.
Ошол эле учурда бир нерсени туура түшүнүшүбүз керек. Окуу китептеринин жетишсиздиги бүгүн эле пайда болгон маселе эмес.
Мурда бул багытка жылына орточо 100 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келсе, акыркы эки жылда эле 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү.
Мурдагы каржылоо менен эсептесек, бүгүнкү көлөмдөгү каражатты бөлүүгө 10 жылдан ашык убакыт кетмек. Ал эми китептерге болгон жалпы керектөөнү ошол темп менен жабууга 50 жылдан ашык убакыт талап кылынмак.
Акыркы эки жылда каржылоо бир нече эсеге көбөйтүлүп, 9,6 миллиондон ашык жаңы китеп бастырылды. Бирок мунун өзү да жетишсиз болуп чыкты.
Анткени мамлекет үчүн канча миллиард сом бөлүнгөнү же канча миллион китеп басылганы эмес, ар бир окуучунун колуна керектүү китептин жеткени маанилүү. Эгер ата-эне баласына китеп издеп базар аралап жүрсө, демек иш толук аткарылган жок.
Мындан тышкары, өлкө азыр 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатат. Окуу программалары, стандарттар жана китептер жаңыланууда. Мындай чоң реформа бүгүн белгилүү бир ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн.
Бирок анын максаты балдарыбыз эртең заман талабына жооп берген сапаттуу билим алышы үчүн билим берүү системасын бүгүнтөн жаңылоо. Ошол эле учурда реформаны китеп жетишсиздигине шылтоо кылууга эч кимдин акысы жок.
Окуучулардын саны да жыл сайын өсүп жатат. Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз үй-бүлөлөрү менен кайтып келип, балдары биздин мектептерде билим алып жатканы кубандырат.
Бирок муну да китеп жетишсиздигинин себеби катары көрсөтүүгө болбойт. Тиешелүү жетекчилер окуучулардын санындагы өзгөрүүнү алдын ала эсептеп, керектөөнү ошого жараша пландашы керек.
Ошондуктан Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Каражат маселеси чечилди. Эми жооптуу жетекчилер кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтүшү керек.
Эгер «Учкун» ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жетишсиз болсо, өлкөдөгү талапка жооп берген башка басмаканаларды да ишке тартуу зарыл.
Агартуу министрлиги мындан ары жалпы сандар менен гана отчет бербеши керек. Ар бир мектеп боюнча кайсы предметтен канча китеп берилгени, канчасы жетишпей жатканы жана жетишпеген китептер качан басылып, качан жеткирилери тууралуу маалымат министрликтин сайтында ачык жарыялануусу зарыл.
Ар бир ата-эне өз баласы окуган мектепте кайсы китептен канча нуска жетпей жатканын жана ал качан келерин билиши керек.
Мамлекеттик мектептердин окуучуларына бекер жетиши керек болгон китептердин базарларда сатылып жатканы боюнча да текшерүү башталды.
Канча китеп басылды, ким кабыл алды, кайда жөнөтүлдү, кайсы мектепке канчасы жетти жана мектепке жетиши керек болгон китеп базарга кантип чыгып кетти деген суроолордун ар бирине так жооп берилиши керек. Баары документтер менен текшерилип, күнөөлүүлөр сөзсүз жооп берет.
Азыр министрликпи, басмаканабы же башка мекемеби деп чиновниктер бири-бириңерди күнөөлөп отура турган учур эмес. Биринчи милдет балдарды китеп менен камсыз кылуу.
Андан кийин текшерүүнүн жыйынтыгы менен ким өз милдетин аткарбай койгонуна Министрлер Кабинети тиешелүү баасын берип, чечим кабыл алышы керек.
Бир дагы окуучу китепсиз калбашы керек. Бир дагы ата-эне мамлекет камсыз кылууга тийиш болгон китепти издеп базар аралабашы керек.
Каражат жетишпейт деген маселе эми жок. Демек бизге шылтоо эмес, жыйынтык керек.
Бөлүшүү