ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН БЛОГЕРЛЕРГЕ СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 07.04.2021
  • 0

6-апрелде журналисттер жана блогерлер арасында өткөн “Стереотиптерсиз жашоо!” жана “Ийгиликтүү айылдык айым” деп аталган эки сынактын жеңүүчүлөрүнө байге тапшыруу аземи болуп өттү.

Аземге журналисттер жана блогерлерден сырткары саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары менен БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн орун басары да катышты.

Бул сынактарды уюштуруунун негизги максаты – майыптыгы бар жарандарга жана айылдык аялдарга карата негативдүү стереотиптерди жок кылууга көмөктөшүү, сот адилеттигине жетүү жана укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, бүт өлкө боюнча ЖМК жана социалдык тармактар аркылуу бул теманы кенен чагылдырып, майыптыгы бар жарандарга жана айылдык аялдарга карата позитивдүү образ жаратуу болуп саналат. Мындан сырткары, сынак журналисттер менен блогерлерди бул темалар боюнча медиа материалдарды жаратууга кесиптик жактан кызыктырууну максат кылган.

Сынактар ошол убактагы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан БУУӨП жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун колдоосу астында 2020-жылдын 10-майында жарыяланып, 10-декабрга чейин жүргүзүлгөн.

ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН БЛОГЕРЛЕРГЕ СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Сынактарга жалпысынан 50дөн ашуун материал келип түшкөн. Курамына саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү, медиа эксперттер жана БУУӨПтүн өкүлдөрү кирген сынактык комиссиянын мүчөлөрүнүн чечими менен төмөнкү авторлордун материалдары сынактын жеңүүчүлөрү деп табылды:

“Стереотиптерсиз жашоо!” сынагы

1-орунду “Азаттык” радиосунун журналисттери Айгерим Акылбекова «Мага дем берген Кайратым» аттуу материалы жана Кундуз Сырдыбаева «Марат тарткан мыкты сүрөттөр» видеоматериалы үчүн ээлешти.

2-орунду да эки журналист бөлүп алышты, орундар “Аймак” гезитинин кабарчысы Элиза Акжолтоевага «Токтокан апанын тоодой эмгеги» макаласы жана КТРКнын кабарчысы Бурулай Пусурманкуловага «Ийгиликке жетелеген жол» материалы үчүн ыйгарылды.

3-орунду “Эхо Оша” (“Ош жаңырыгы”) гезитинин кабарчысы Сахира Назарова “Аутист балдардын укугу” (“Права детей с РАС”) материалы үчүн ээледи.

“Ийгиликтүү айылдык айым” сынагы

1-орун ЭлТр телеканалынын кабарчысы Салабат Эркетаевага «Комбайн айдаган 70 жаштагы апаны көрдүңүз беле? Энелердин эмгегине күбө болуңуздар!» аттуу видеоматериалы үчүн ыйгарылды.

2-орунга “Каракол чындыгы” гезитинин кабарчысы Эльнура Төлөнбай кызы «Сөздөрүнөн бал, жүрөктөрүнөн мээрим, эмгекчилдигинен мээнет тамган энелер» макаласы үчүн ээ болду.

3-орунду “Вечерний Бишкек” гезитинин башкы редакторунун орун басары Нина Ничипорова “Керек болсо тоону да омкорушат” («И горы свернут, если будет надо» аттуу макаласы үчүн ээледи.

ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН БЛОГЕРЛЕРГЕ СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Кызыктыруучу сыйлыктар “Биринчи радио — КТРКнын” кабарчысы Эрмек Актановго “Айылдык айымдар. Укуктар жана мүмкүнчүлүктөр” («Сельские женщины права и возможности») материалы үчүн жана ошондой эле “Кут Билим” гезитинин кабарчысы Алимжан Алибековго “Өзүн жана өзгөлөрдү жеңген Токтокан эжей” аталыштагы макаласы үчүн ыйгарылды.
Сынактын жеңүүчүлөрү дипломдор жана баалуу байгелер менен сыйланышты.

Эске салсак, БУУӨП Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын укугу жана айылдык айымдардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашырууда активдүү колдоо көрсөтүп келет. Долбоордун коммуникациялар боюнча адиси Нуржан Алымканованын маалыматына таянсак, журналисттер үчүн майыптык темасын чагылдыруу боюнча онлайн тренингдик модуль түзүлгөн, андан мамлекеттик жана расмий тилде акысыз өтүүгө болот.

Нурзат Казыбекова, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер