ЖУРНАЛИСТИКАНЫН КАЙМАГЫН КАЛПЫГАН КИТЕП

  • 29.08.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү публицист, филология илимдеринин доктору,  “Журналисттер” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Кубан Мамбеталиевдин “Журналистика. Басма сөз” аттуу окуу китеби жарыкка чыкты.

Китепте журналистиканын теориялык негиздерине жана практикалык ыкмаларына мүнөздөмө берилет. Мындан тышкары басма сөздүн тарыхынан маалыматтар баяндалып, гезиттеги жанрлардын өзгөчөлүктөрү көрсөтүлүп, бул тармакта орун алган түшүнүктөр изилдөөгө алынган. Ошондой эле автордун макалалары жана цитаталар менен сөздүк да тиркелген.

Китеп И.Арабаева атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен басууга сунушталган. Китепке КР Билим берүү жана илим министрлигинин  грифи  да берилген.

Автор буга чейин да бир катар монографиялардын, окуу китептердин, очерктердин, ар кандай аталыштагы жыйнактардын, макалалардын автору катары да окурман журтчулугуна белгилүү.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер