КЕСИПТИК БАГЫТ ОКУУЧУНУН ӨЗ ЖӨНДӨМҮН ЭРТЕ АНЫКТАП, АҢ СЕЗИМДҮҮ ТАНДОО ЖАСООСУНА ШАРТ ТҮЗӨТ

  • 26.08.2026

Улуттук педагогикалык форумда №5 кесиптик лицейдин директору Элеонора Ишекеева «Профилдик окутуу: окуучунун кызыгуусунан — кесиптик жана академиялык траекторияга» деген темада атайын баяндама жасады. Өз сөзүндө ал билим берүүдөгү бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүп, катышуучулар менен ой бөлүштү. КЕСИПТИК БАГЫТ ОКУУЧУНУН ӨЗ ЖӨНДӨМҮН ЭРТЕ АНЫКТАП, АҢ СЕЗИМДҮҮ ТАНДОО ЖАСООСУНА ШАРТ ТҮЗӨТТактап айтканда, баяндамачы профилдик окутуунун негизги максаттарына жана этаптарына токтолуп, педагогдорду даярдоо системасын өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи. Муну менен катар, окуучуларды кесиптик-колдонмо багыттарга багыттоо, аларды келечектеги кесибин туура тандоого даярдоо жана 2026–2029-жылдарга карата пилоттук окутуу тажрыйбасын ишке ашыруу маселелери кеңири талкууланды. КЕСИПТИК БАГЫТ ОКУУЧУНУН ӨЗ ЖӨНДӨМҮН ЭРТЕ АНЫКТАП, АҢ СЕЗИМДҮҮ ТАНДОО ЖАСООСУНА ШАРТ ТҮЗӨТ

Учурда №5 кесиптик лицей заманбап, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү багытындагы иштерин ийгиликтүү улантып, өлкөнүн билим берүү системасын өнүктүрүүгө өзүнүн татыктуу салымын кошуп келүүдө.

 

Бөлүшүү