НООКАТТА АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ
- 26.08.2026
- 0
25-августта Ноокат районунда жаңы окуу жылына карата «Доор өзгөрткөн билим — жаратман мугалим!» темасынын алдында билим берүү кызматкерлеринин салттуу август кеңешмеси болуп өттү. Иш-чара Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын маданият үйүндө уюштурулуп, ага Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Керимкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Рустамбек уулу Советбек, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.Орозбаев, Ош билим берүү институтунун директордун орун басары А.Бабакулова, ошондой эле ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана мугалимдер катышты. 
Кеңешменин жүрүшүндө райондогу билим берүү тармагынын акыркы жетишкендиктерин чагылдырган атайын видеотасма көрсөтүлүп, алдыңкы педагогикалык платформалар боюнча көргөзмөлөр уюштурулду. Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Жусупов кеңири баяндама жасап, билим берүү тармагында аткарылган иштерге жана алдыдагы маанилүү милдеттерге токтолду. Мындан сырткары, иш-чарада насаатчы жана шакирт алакасынын мааниси талкууланып, бай тажрыйбага ээ ардагер агартуучулар жаш мугалимдерге өз кеп-кеңештерин беришти. Ал эми жаш адистер өз кезегинде коомчулукка атайын кайрылуу жасашты.
Жыйындын соңунда 2026-2027-жаңы окуу жылына карата мыкты даярдыгы менен айырмаланган алдыңкы мектептер жана айыл өкмөттөрү Ноокат райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан баалуу белектер менен сыйланды. Ошондой эле, талыкпай эмгектенген алдыңкы мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын, Ош билим берүү институтунун, Ардагерлер кеңешинин жана «Ноокат таңы» гезитинин ардак грамоталары салтанаттуу түрдө тапшырылды.
А.К., «КБ»



Комментарийлер