КАРА-КӨЛДӨ АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ
- 26.08.2026
- 0
Кечээ, 25-августта, Кара-Көл шаарында жаңы окуу жылына карата педагогдордун «Доор өзгөрткөн билим: Жаратман мугалим—Өнүккөн өлкө» аттуу август кеңешмеси өткөрүлдү.

Кеңешмеге шаар мэри Турдубеков Азамат Турдубекович, шаардык кеңештин депутаты Аалыаскарова Танзада Аалыаскаровна жана ардагер мугалимдер катышты.
Август конференциясы панелдик жолугушуу форматында мазмундуу жана иштиктүү маанайда өткөрүлдү.

Бул жолку жолугушуунун өзгөчөлүгү – билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди бир тараптуу баяндама менен гана чектебестен, ачык диалог, пикир алышуу жана тажрыйба бөлүшүү форматында талкуулоого багытталды.
Жолугушууда Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери: ШБББнүн башкы адиси Исмаилова Венера Мамазакировна, окуу-усулдук кабинеттин башчысы Орозова Тилен Касымалиевна, ШБББнүн жетектөөчү адиси Базаркулова Нуржамал Кубатбековна, ШБББнүн методисти Эгизбаева Үмүт Курмановналар чыгып сүйлөп, 12 жылдык билим берүүгө өтүү алкагында аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер жана алдыда турган маанилүү милдеттер тууралуу маалымат беришти.

Август жыйынында өзгөчө билим берүүнү трансформациялоо, жаңыланган окуу программаларын ишке ашыруу, жаңы окуу-методикалык ресурстар менен иштөө, мугалимдин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жана окуучуга багытталган билим берүү маселелерине көңүл бурулду.
Бул күнү 12 жылдык билим берүү – бул жөн гана окуу мөөнөтүн өзгөртүү эмес, билим берүүнүн мазмунун, окутуу ыкмаларын жана мугалимдин ишмердигин жаңы талаптарга ылайык жаңылоо процесси экени, ушуга байланыштуу өзгөрүүнүн өзөгү болгон мугалимдер, бүгүнкү талапка ылайык «Мугалим айтып берет, окуучу угат деген методикадан кайтып, «Мугалим багыт берет, окуучу изилдейт» деген заманбап окутууну колго алышы керектиги айтылды.
Ошондуктан алдыда дагы бир топ маанилүү иштер турганы белгиленип, эң башкысы – өзгөрүүлөрдү кагаз жүзүндө гана эмес, ар бир мектептин, ар бир класстын, ар бир сабактын деңгээлинде сезилерлик натыйжага айландыруу зарылдыгы белгиленди.

Ошентип, бул күнкү Август жолугушуусу жаңы окуу жылына карата багыттарды тактап, алдыдагы иштерди биргелешип аныктоого, «мугалим өзгөрсө — сабак өзгөрөт, сабак өзгөрсө — окуучу өзгөрөт, окуучу өзгөрсө- мектеп өзгөрөт, мектеп өзгөрсө — коом өзгөрөт» жалпы мүдөөнү түшүнүүгө жана билим берүү коомчулугунун күчүн бир багытка топтоого өбөлгө түздү.
Атайын кабарчы
Комментарийлер