ЖУМГАЛДА «АНГЛИС ТИЛИНИН БИР АЙЛЫГЫ» БЕЛГИЛЕНДИ

Жумгал районунун Чаек айылында жайгашкан Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын англис тилине кызыгуусун жогорулатуу максатында жарыялаган «Англис тилинин бир айлыгы» иш-чарасы өзгөчө шаң менен эсте каларлык уюштурулду.

ЖУМГАЛДА "АНГЛИС ТИЛИНИН БИР АЙЛЫГЫ" БЕЛГИЛЕНДИ

Анын жүрүшүндө Жумгал районунун Чаек айылында жайгашкан Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин окуучуларына чет элдик ыктыярчылар менен биргеликте жергиликтүү мугалимдер ар түрдүү кызыктыруучу иш-чараларды, конкурстарды, көргөзмө жана жолугушууларды, конференцияларды, ошондой эле чет тилинин дүйнөдөгү орду тууралуу ачык сабактарды өткөрдү. Окуучулар англис тилинде эркин сүйлөшүп,  суроо-жооп иретинде маек алып, чет тилинде баарлашты.
Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу да катышып, өз сөзүндө чет тилин мыкты өздөштүргөн окуучуларга, алардын саяпкерлери — чет элдик ыктыярчыларга иштеринде ийгиликтерди  каалап, мындай саамалыкты башка мектептерде улантуу керек деп белгиледи.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер