ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫ ЖУКТУРБОО ЧАРАЛАРЫ

  • 12.03.2020
  • 0

Инфекциялык жугуштуу илдеттердин алдын-алуу иш-чаралары Кемин районунун бардык билим берүү мекемелеринде өтүп жатат. Аны саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен бирдикте өткөрүшүүдө.

Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Айгүл Курманалиеванын айтымында, кезектегиси кечээ М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектебинде өткөрүлдү. Анда балдар жугуштуу инфекциялардын алдын-алуу иш-чаралары менен жеринде таанышты.

— Ак-Бекет орто мектеби санитардык-гигиеналык талапка бардык жагынан жооп берет. Биз балдардын тамактануусу боюнча бардык шарттардын түзүлгөнү, күндө эртең менен жасалууучу дене тарбия көнүгүүлөрү, дене тарбия сабагынын жогорку деңгээлде өткөрүлүшү, ден соолук бурчтарынын жасалгаланышы, өздүк гигиена боюнча ачык сабактардын өтүлүшү, окуучулардын тыкылдап өздүк гигиена боюнча берген жоопторуна ыраазы болдук. Өздүк гигиенаны, айлана-чөйрөнү таза кармоо эрежелерин сактоо менен, биз өлкөнүн келечегине кам көрүп жатканыбызды эстен чыгарбоого тийишпиз,-дейт Айгүл Садыковна.

Кемин районунун бардык билим берүү мекемелеринде, ошондой эле калк арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери улантылууда.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер