ЖРТНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БУРМАЛАНБАЙТ

  • 02.06.2025
  • 0

Бүгүн, 2-июнда Билимди баалоо жана окутуу  усулдары борборунун  (ББОУБ) кеңсесинде  абитуриенттердин жооптору компьютердик дискке жаздырылып, өлкөдөгү ири банктын кутучасына  салуу иш-чарасы болду.

Компьютердик дискке жазуу процедурасы тесттин тапшырмалардын “ачкычтары” түзүлө электе жана абитуриенттердин жыйынтыктары эсептелгенге чейин Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин,  өлкөнүн  Омбудсмени (Акыйкатчы)  институтунун жана  жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.  

ЖРТНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БУРМАЛАНБАЙТ-Тестти өткөрүүдө да өтө катуу карманган жол-жоболор иштелип чыккан. Тексттин жыйынтыктары чыгарылат. Ошого чейинки бир маанилүү, коррупцияга каршы процедура бар. Коомчулукта ЖРТга чейин же ал өтүп жаткан учурда ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Бул иш-чара “текстин жоопторун алдын ала сатып алса болот” деген имиштерди жокко чыгаруунун, токтотуунун далили катары болмокчу. Ошого чейин ачкычтары, туура жооптору болбойт. Тестин варианттары түзүлөт, тест чогултулган учурда эч кандай жооптору жок болот. Туура жоопторду сатып жиберүүгө жана бирөө сатып алууга да мүмкүн эмес. Тест тапшыруу өлкөбүздүн 127 борборунда болду. Кыргызстандагы ар бир борбордон команда барып тест тапшырууда иштеп келишти. Материалдарды биздин борборго тапшырышты. Тест материалдарын санап чыгуудан баштап, аларды таратып берүү, чогултуу жана таңгактоо сыяктуу тест материалдары менен жүргүзүлүүчү операциялардын баары тестти өткөрүү тайпасынын бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен аткарылды. Ар бир абитуриент өздөрүнүн жоопторун жооп барактарына белгилейт.  Ошол жооп баракчаларынын баарын сканерге түшүрүп, маалыматтарды электрондук базага киргизгенден кийин, эталондук базада ким кандай жооп бергенин биз билбейбиз. Суроолордун ачкычтары түзүлө электе жана жыйынтыктар эсептеле электе, Агартуу министрлигинин, жалпыга маалымдоо  каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин, Акыйкатчы аппаратынын жана коомдук фонддун өкүлдөрүнүн көзүнчө абитуриенттердин жооптору компьютердик дискке жазылат. Ошол диск  эл аралык банктын жашыруун  сейфине салынат. Банк чөнөгүнүн (ячейка)  эки ачкычы ББОУБдун кызматкерлери болбогон эки адамда сакталат. Демейде алардын бири Агартуу министрлигинин, бири Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин өкүлүндө болот. Ошол чөнөктү ачуу үчүн бир эле мезгилде ошол жерде аталган эки кишинин, ББОУБ өкүлүнүн жана банк кызматкеринин болушу талап кылынат. Чөнөк ачылган сайын бул туурасында банктын журналына жазылат. Диск Кыргызстандын бардык жождорунда бардык абитуриенттерди кабыл алуу жараяны бүтмөйүнчө, банкта алты ай боюу сакталып турат. Абитуриенттердин жоопторунун бул электрондук базасы өзгөртүүгө мүмкүн болбогон жана берилген жыйынтыктар менен качан болсо да текшерүү мүмкүн болгон үлгү болуп эсептелет. Абитуриент күмөн болгон учурда атайын ачкыч берилген мекемелердин өкүлөрүнүн жана биздин борбордун жетекчилеринин катышуусу менен биргеликте текшерилет.   Ошентип, маалымат базасындагы упайларды өзгөртүү жана жасалма упайлар жазылган сертификатты берүү мүмкүнчүлүгү толук жоюлат. Тест учурундагы ар бир кагаз маанилүү. Ошондуктан жыйынтык толук чыгып, сертификаттар берилип бүтмөйүнчө эч бир  кагаз, барактар дагы жоголбойт. ББОУБдун бул процедурасынын негизги максаты болуп ЖОЖдорго кабыл алууда айкындуулукту, ачыктыкты, калыстыкты камсыздоо жана коррупциянын алдын алуу болуп саналат,- деди борбордун  директору Чынара Батракеева.

ЖРТНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БУРМАЛАНБАЙТМындан 24 жыл мурда жемкорлорго бөгөт салуу үчүн Кыргыз Республикасында Жалпы республикалык тест (ЖРТ) өткөрүү демилгеси билим берүү чөйрөсүндөгү реформалардын планын иштеп чыккан Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2002-жылы сунуш кылынган. Реформалоонун маанилүү маселелеринин бири болуп билим берүү чөйрөсүндө кесипкөйлүк деңгээлде баалоо жүргүзө алган көз карандысыз тест уюмун (КТУ) түзүү эсептелген. КТУнун маанилүү максаты  — жождордо окуу үчүн мамлекеттик гранттарды алууга талаптанган мектеп окуучуларын объективдүү, ачык тесттен өткөрүү колго алынган болчу.

— Мындай уюм расмий түрдө негизделип, бул жеке, коммерциялык эмес – Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) катары катталган. Ал эми ЖРТ болсо окууга өтүү өнөктүгүн коштогон терс көрүнүштөрдү жоюуга жардам берген жана республиканын жогорку окуу жайларына чыныгы таланттуу жаштар өтө алгандай ачык-айкын, адилеттүү кабыл алуу жараянын камсыз кылган курал болуп калды. ЖРТнын максаты – өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуусун ийгиликтүү улантып кете ала турган эң жөндөмдүү абитуриенттерди аныктоо. Быйылкы жыйырма төртүнчү жолу өткөрүлгөн  Жалпы республикалык тестке өлкө боюнча  56 миң 156 окуучу катышты. ЖРТны тапшыруу эрежесин бузган 11 адам тесттен четтетилди, — дейт борбордун директору Чынара Батракеева. ЖРТНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БУРМАЛАНБАЙТ

— Тест мазмунунун купуялуулугун сактоо жана тесттин жыйынтыктарына таасир берүү мүмкүн болбой тургандыгын кепилдикке алуу – ар бир абитуриенттин тагдырына да, Кыргызстандын жождорундагы бюджеттик орундардын бөлүнүшүнө да чоң тааасир тийгизүүчү маанилүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген зарыл шарттар. Жөнөкөй тил менен айтканда, тест тапшырмалары сатылбагандыгын, белгилүү бир төлөмдүн аркасы менен абитуриент чындыгында топтогондон жогорураак упай жазылган сертификатты алуу мүмкүн болбогондугун кепилдикке алуу зарыл. Тажрыйба көрсөткөндөй, абитуриенттердин өздөрүн да, алардын ата-энелерин да, баарыдан мурда, тынчсыздандырган суроолор мына ушулар. Бардык зарыл талаптар сакталгандыгын толук ынанып айтууга мүмкүндүк берген эң биринчи маанилүү далил – бул уюмдун ар бир мүчөсү ББОУБдун аброюнун колдоого аябагандай кызыкдар болгондугу, анткени бул уюмдун туруктуулугун жана андагы кызматкерлердин жумушу бар болгондугун камсыз кылат. Ошентип, ички жана тышкы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн күрөш уюмдун ар бир кызматкерине пайда гана алып келет. Андан тышкары, ББОУБдун кызматкерлери бир катар документтерге кол коюп, ошол документтерде кызматтык тартип бузулган учурда олуттуу жазага тартуу каралган. Жогоруда айтылып кеткендей, уюмдун ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу ББОУБдун Камкорчулар Кеңеши тарабынан ишке ашырылат. ББОУБда купуялуулуктун бир катар жол-жобосу иштелип чыккан жана такай өркүндөтүлүп келет, — дейт Чынара айым.

ЖРТНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БУРМАЛАНБАЙТЖРТнын  24 жылдан берки эң маанилүү пайдасы – абитуриенттердин материалдык, социалдык абалына же республиканын кайсы жерлеринде жашагандыгына карабастан, аларга окуу жайларга өз күчү менен өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берип келатат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер