ЖРТга КОШУМЧА КАТТОО 25-НОЯБРДА ӨТКӨРҮЛӨТ

  • 14.11.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестирлөө (ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн) 2022-жылдын 26-27-ноябрында өтө тургандыгын маалымдайт.

ЖРТга КОШУМЧА КАТТОО 25-НОЯБРДА ӨТКӨРҮЛӨТ

25-ноябрь — тестирлөө борборлорун даярдоо күнү. Ушул эле күнү 25-ноябрда тест борборлорунун базасында саат 13:00дөн 17:00 гө чейин абитуриенттерди кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Тестирлөө борборлору:

1. Бишкек шаарындагы №72 орто мектеби;

2. Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы;

3. Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи.

Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.

Алдын ала өтүнмөлөр боюнча 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну өткөрөт. Алардын ичинен: 17 мамлекеттик, 33 мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар. Кышкы кабыл алуу боюнча ЖОЖдордун жана багыттарынын тизмеси https://edu.gov.kg/posts/953/

Бөлүшүү

Комментарийлер