ЖРТГА 41 727 БҮТҮРҮҮЧҮ КАТТАЛДЫ

  • 29.05.2020
  • 0

Жалпы республикалык тестирлөөгө катталган бүтүрүүчүлөрдүн саны 41 727ни түздү.

15-майга чейин ЖРТга катталууга үлгүрбөй калгандарга кошумча мүмкүнчүлүк берилет. Алар 20-июнда же 23-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин тест борборуна кайрылышы керек.

ЖРТ 21-25-июнь күндөрү өтөт. Жыйынтыктарды жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт.

Өткөн жылы ЖРТга катталагандардын саны 41 280ди түзгөн.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер