ЖРТ ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН ОКУУЧУГА АВТОУНАА

  • 22.11.2022
  • 0

ЖРТ ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН ОКУУЧУГА АВТОУНАА

Кочкор районунун Чолпон айылынын ЖРТдан эң жогорку балл алган окуучусуна автоунаа, мугалимине акыркы үлгүдөгү iPhone уюлдук телефону белекке берилет.

Бул демилгени Чолпон айылынын тургуну, жеке ишкерлер Жакыпбек Бейшеналиев менен Казиев Майрамбек көтөргөн. Идея аларга былтыр Ак-Талаа районундагы жашоочулардын окуучуларды билимге шыктандыруу максатында сынак уюштуруп, башкы байгеге унаа койгонун көргөндөн кийин келип чыккан. Аны ишке ашыруу үчүн бир жыл бою даярданып, сунушун мектеп директоруна айтканда ал кубануу менен кабыл алган.

ЖРТ ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН ОКУУЧУГА АВТОУНАА ЖРТ ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН ОКУУЧУГА АВТОУНАА

 

  • Негизи адамдар көргөн нерсебизге ишенет эмеспизби, ошол себептен балдар көрүп аракет кылышсын деп унааны азыртадан эле сатып алып, мектептин алдына токтотуп койдук. Айыл жергесинде унаага жеткени-жетпегени бар. Ата-энелер балдарына дагы көбүрөөк көнүл буруп чогуу окуйбу деген максат болду. Окуучуларга дем берсең билек түрө киришип, билимин тереңдетүүгө аракет кыларына ишенем. Себеби өзүмдүн уулума мектепте окуп жүргөндө жакшы окусаң каалаган үлгүдөгү уюлдук телефонду алып берем десем, окуусунда жакшы ийгиликтерге жеткен. Атүгүл, эжей-агайлары да мурдагыдан башкача кызыгып окуп калганын чогулушта баса белгилеп айткан.  Бул демилгенин да мөмөсүн берерине үмүтүбүз чоң. Ал эми башкы байге катары коюлган “жигули” үлгүсүндөгү унааны 300 миң сомго сатып алдык. Ал эми окуучуну даярдаган мугалимге акыркы үлгүдөгү iPhone уюлдук телефонун белек кылабыз. Андан сырткары, жалпы Кочкор району боюнча жогорку балл алган окуучуга 100 миң сом «Кочкор» коому тарабынан берилет, — дейт Жакып Бейшеналиев.

ЖРТ ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН ОКУУЧУГА АВТОУНАА

Жакып Бейшеналиев бул демилгени жыл сайын жөрөлгөгө айлантууну максат кылат.  9-10-класстын окуучуларын келерки жылы мындан да жакшы унаа коёрун айтып, азыртадан ЖРТ даярданууга чакырууда.

Илим-билимди баалаган ишкер  төрт баланын атасы болсо да учурда өзү Кыргыз улуттук университеттин юридикалык багытында билим алып жаткан учуру.  Тапкан каражатынын жыйырма пайызын айылын өнүктүрүүгө жумшаганды адатка айлантып алган ишкер келечекте жеке өзүнүн айылы үчүн эмес, коом үчүн дагы да чоң иштерди пландап жатканын айтат.

                                                                             Айгерим Токтобаева,   «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер