ЖРТ: ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН ОКУУЧУГА 1000 ДОЛЛАР, МЕКТЕПКЕ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 08.07.2024
  • 0

Кочкор району боюнча ЖРТдан 222 балл алган И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Раяна Чолпонкулова болду.

ЖРТ: ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН ОКУУЧУГА 1000 ДОЛЛАР, МЕКТЕПКЕ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫЖРТ: ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН ОКУУЧУГА 1000 ДОЛЛАР, МЕКТЕПКЕ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

“Таза Мекеним” коомдук уюмдун директору Ормон Нурбек уулу ФБ баракчасына мындай деп жазып чыкты: “Жаркын келечек үчүн бизге күчтүү кадрлар керек! Эмне үчүн кыргыздан атагы чыккан күчтүү физик, биолог, математик, химик дегеле окумуштуулар сейрек чыгат??? Же билим деңгээлин жалгыз гана ажобуз же Билим берүү министирлиги көтөрүш керекпи?

Жок! Ар бир ата-эне, ар бир мугалим, ар бир инсан, ар бир жеке ишкер колдоп, кубатташ керек. Анткени чыныгы байлык бул — акыл менен билим.

ЖРТ: ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН ОКУУЧУГА 1000 ДОЛЛАР, МЕКТЕПКЕ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫЖРТ: ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН ОКУУЧУГА 1000 ДОЛЛАР, МЕКТЕПКЕ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

Эң пайдалуу инвестиция бул — Билим.

Ошондуктан жылдын башында, жалпы мамлекеттик масштабда болбосо дагы, райондук масштабда конкурс өткөрүп, билим деңгээлин көтөрүш үчүн стимул катары КБ «Кочкор Биримдиги», КБ «Прогресс Кочкор», КБ «Кочкор Жаштар Борбору» жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмү биргеликте жана жеке өзүмдүн фондумдун каржылоосу менен конкурс жарыялаганбыз.

Эң көп балл алган окуучуга 1000 АКШ доллары жана ал окууган мектепге автоунаа, орус жана математика сабагынан берген эжейлерине 250 АКШ долларын белек кылабыз деп.

ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде Кочкор району боюнча эң көп 222 балл алган И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Чолпонкулова Раяна Жаныбековна карындашыбызды куттуктап кетет элем. Ошондой эле И.Арабаев мектебинин мүдүрүн Эльвира Эрмековнаны бул жетишкендиги үчүн куттуктап жана автоууна сыйлыгыңыз майлуу-сүттүү болсун!

Көп балл албай калган жаштарыбызга кеңешим, башты бийик көтөргүлө, бул жөн гана сертификат, чыныгы алтын сертификат ар бириңиздердин аракетиңиздерде жана жүрөгүңүздөгү ыйманыңызда катылган. Ал сертификатка жетиш үчүн күрөш эми башталды. Эч качан, эч кандай абалда колдуу түшүрбөгүңүздөр, анткени сиз күчтүүсүз жана Алла Тааламдын сүйүктүү пендесисиз! Ак жол сага бүтүрүүчү, жолуңар даңгыр болсун!”.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер