ЖРТ: ТЕСТ БОРБОРЛОРУНДА КОШУМЧА КАТТОО ЖҮРҮҮДӨ
- 22.05.2023
- 0
Бүгүн, 22-майда жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн каттоого жетишпей калган жарандар үчүн кошумча каттоо жүрүүдө. Ошондой эле бүгүн тестирлөөнүн экинчи этабы үчүн тест борборлору даярдалууда.
Белгилей кетсек, тестирлөөнүн биринчи этабы 20-21-май күндөрү болуп өттү. Ал эми 23-24-май күндөрү тестирлөөнүн экинчи этабы өтөт.
Үчүнчү этап 2023-жылдын 23-24-июнунда – жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө болот.
Бөлүшүү
Комментарийлер