ЖРТ МЕТОДИКАСЫ БОЮНЧА ОКУУ КУРСТАРЫ БАШТАЛДЫ
- 31.10.2023
- 0
31-октябрда Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы №1 орто мектепте Талас районунун жана шаарынын мектептеринин мугалимдери үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн методикасы боюнча квалификацияны жогорулатуучу окуу курстары башталды.
Эки күнгө улана турган окутууда мугалимдер ЖРТнын практикалык маселелерин талкуулап, окуучуларды тестке даярдоонун алдыңкы методикасын үйрөнүшөт.
Буга чейин Бакай-Ата районундагы мугалимдер окуудан ийгиликтүү өтүп, жыйынтыкташты.
— Катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу аземи өзгөчө шаң менен өттү. Алыстан атайын келген конокторубузга, тренерлерге жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз жана ийгиликтерди каалайбыз! – дейт С.Бейшенова.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер