ЖРТ МЕНЕН «АЛТЫН ТАМГА» РЕАЛДУУ РЕЖИМДЕ ӨТКӨРҮЛӨТ

  • 12.05.2020
  • 0

Жалпы республикалык тестирлөө менен «Алтын тамга» тестирлөөсүн онлайн өткөрүү мүмкүн эмес, ошондуктан аларды реалдуу режимде өткөрүү чечими кабыл алынган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Аида Исмаилова айтты.

Анын маалыматы боюнча, «Алтын тамга» сынагына 1207 бүтүрүүчү катталган.

— Эксперттердин маалыматына караганда, аларды дистанттык режимде өткөрүүгө болбойт, ошондуктан Билим берүү министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте тестирлөөнү өткөрүү алгоритми жана санитардык-гигиеналык нормалар иштелип чыкканы жатат, — деди Исмаилова.

Депутат Альфия Самигуллина «Азыркы оор кырдаалды эске алганда, ЖРТдагы орточо упай канча болору күтүлүп жатат?», — деп сурады.

— Биз азыр ЖРТны кантип өткөрүү керектигин ойлонуп жатабыз. Жыйынтыгын кийин көрөбүз, — деп жооп берди билим берүү министри Каныбек Исаков.

— ЖРТ — ар бир бүтүрүүчү үчүн маанилүү кадам — ал окуу жайгы барабы, босого упайдан өтө алабы? Мындан бүтүрүүчүнүн кийинки тагдыры көз каранды, — деди Самигуллина.

Ал карантин учурунда балдарды ЖРТга даярдоо боюнча ийримдерди уюштурууну сунуштады.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер