ЖРТ: кечиккендер үчүн тесттин III этабына даярдык жүрүүдө

  • 14.06.2024
  • 0

Ар кандай себептер менен тестке өз убагында катыша албай калган мектеп окуучулары жана колледждердин бүтүрүүчүлөрү үчүн ЖРТнын III этабы болот. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Эльзана Үсөнбаева билдирди.

ЖРТ: кечиккендер үчүн тесттин III этабына даярдык жүрүүдө

Адистин айтымында, кечиккендер үчүн ЖРТга каттоо 11-июндан 19-июнга чейин Бишкек шаарындагы №24 мектепте жүргүзүлөт. Ал эми Ош шаарында Ош шаардык билим берүү бөлүмүнө барып катталса болот.

Тест 21-июндан 23-июнга чейин Бишкек жана Ош шаарларында гана өткөрүлөт. 21-июнда негизги тест, 22-июнда мамлекеттик тил боюнча тест, 23-июнда предметтик тест боюнча тапшырышат. Эскерте кетсек, бул тестке ЖРТ 2024төн четтетилген абитуриенттер кайра каттала албайт.

ЖРТ: кечиккендер үчүн тесттин III этабына даярдык жүрүүдө

Керектүү документтер:

  • Инсандын өздүгүн тастыктаган документ (паспорт же аскердик билет). Инсандыгын тастыктаган документтери жок абитуриенттер тестке кире албайт.
  • РСК банктан же «О Деньги» уюлдук тиркемесинен каттоо акысын төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк.
  • ЖРТга катышуу үчүн каттоо акысы — негизги тест үчүн 470 сомду жана ар бир предметтик тест үчүн 470 сомду түзөт. Ал эми мамлекеттик тил боюнча тест – 200 сом. Каттоо акысы РСК банк аркылуу жана “О Деньги” мобилдик тиркеме аркылуу төлөнөт (чыгарылган дүмүрчөк сөзсүз болуш керек).
  • 3×4 өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт.
  • Орто билими жөнүндө аттестаттын же орто кесиптик окуу жайды бүтүргөндүгү жөнүндө дипломдун түп нускасы. 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектеп директору тарабынан күбөлөндүрүлгөн жана мектептин мөөрү басылган маалым кат тапшырышат. Маалым катта окуу жайдын мөөрү сүрөттүн сол бурчуна басылууга тийиш.

Кечиктирилген тестке катышкан абитуриенттер алган упайларынын саны көрсөтүлгөн сертификатты 2024-жылдын 1-июлунан кийин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан жана Ош шаардык билим берүү бөлүмүнөн ала алат.

Өлкөдө 17-майдан 24-майга чейин жалпы республикалык тесттин I-II этабы өткөн. ЖРТны өткөрүү үчүн  Кыргызстандын ар бир районунда жалпы 118 тест борборлору уюштурулган.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер