ЖРТ: ДАГЫ 2 АБИТУРИЕНТ «АЛТЫН СЕРТИФИКАТ» АЛАТ

  • 26.06.2024
  • 0

21-23-июнда өткөрүлгөн тестирлөөдө 2 абитуриент “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болду. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Бул эки абитуриент май айындагы ЖРТга жүйөөлүү себептер менен тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр.

Алар:

  • Абдумалик Турсунов (231) – Ош облусунун “Профессор Купуев П.К. атындагы Академиясы” мекемеси;
  • Айчүрөк Ишенбекова (225) – Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы бүтүрүүчүсү.

Айчүрөк Ишенбекова 2023-жылы дагы ЖРТ тапшырып, 232 упай менен “Алтын сертификатка” ээ болгон.

Белгилей кетсек, 21-июнда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку упай алган 56 абитуриенттин тизмеси жарыяланган.

Бөлүшүү

Комментарийлер