ЖРТ-2026:  67 МИҢДЕН АШЫК АБИТУРИЕНТ ТЕСТ ТАПШЫРДЫ

  • 16.06.2026
  • 0

17-майдан 23-майга чейин өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн I жана II этаптарына 67 миң 297 абитуриент катышты. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди.

ЖРТ-2026:  67 МИҢДЕН АШЫК АБИТУРИЕНТ ТЕСТ ТАПШЫРДЫ

Алардын ичинен 37 миң 276 абитуриент тестти кыргыз тилинде, 30 миң 21 абитуриент орус тилинде тапшырды.

Ошондой эле 19-июндан 21-июнга чейин ЖРТнын III этабы өтөт, ошондуктан катышуучулардын жалпы саны өзгөрөт.

Өткөн жылы ЖРТны 56 миң 159 абитуриент тапшырган.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер