ЖРТ-2022: ОНЛАЙН КАТТОО БАШТАЛДЫ

  • 16.02.2022
  • 0

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо быйыл 14-февралдан 6-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев билдирди.

ЖРТ-2022: ОНЛАЙН КАТТОО БАШТАЛДЫ

Анын айтымында, каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдарынын борборунун сайтынын электрондук платформасында өтөт.

“ЖРТга каттоо ар бир райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө ББОУБ тарабынан иштелип чыккан талаптардын негизинде жүрөт. Тестке каттоо 11-класстын окуучулары үчүн мектептерде, ал эми мектепти мурдагы жылдары аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүндө өткөрүлөт. Онлайн каттоо үчүн билим берүү мекемелери атайын бөлмө, керектүү байланыш каражаттары, жабдуулар жана уюштуруу техникалары менен камсыз кылынды. Каттоодон өтүү үчүн паспорт же туулгандыгын тууралуу күбөлүк, орто билим жөнүндөгү аттестаты (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн), ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция) жана талаптарга ылайык келген электрондук фотосүрөт керектелет. Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 370 сомду түзөт”, — деп билдирди ал.

Учурда окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110 (предметтик 60) бойдон калууда. Бирок тесттин жыйынтыгына жараша босого балл өзгөрүшү мүмкүн. Акыркы чечим министрликтин коллегиясында кабыл алынат дейт Усеналиев.

“Быйыл жалпы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн саны болжол менен 68 миңге жакын. Ал эми ЖРТга жыл сайын 40 миңдин айланасында абитуриент катышып келет. Жылдагыдай эле беш багыттын (бийик тоолуу аймак, айыл, шаар, райондук-шаардык мектептер) негизинде сертификаттар берилет”.

ЖРТны жыл сайын Билимди баалоо жана окутуу усулдарынын борбору (ББОУБ) өткөрүп келет. Аталган борбордун директору Чынара Батракеева быйыл өлкө боюнча 120га жакын тест борбору уюштурулуп, тестирлөөнү 23-28-май күндөрү өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

ЖРТ-2022: ОНЛАЙН КАТТОО БАШТАЛДЫ

“Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. ЖРТнын негизги тестти ЖОЖдордун гранттык орундарына жана контракттык негиздеги бардык окутуу формаларына (күндүзгү, дистанттык жана кечки) тапшыруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Ал эми медициналык жана фармацевтикалык адистиктерге тапшырган абитуриенттер милдеттүү түрдө предметтик тесттерди (химия, биология) тапшырышы керек. Башка адистикке кабыл алууда профилдик-предметтик тесттин жыйынтыгы тийиштүү багытка тапшырып жатканда абитуриентке артыкчылык укугун берет. Кабыл алуу конкурсу негизги жана предметтик тесттердин упайларынын суммасы боюнча жүргүзүлөт. Абитуриенттердин предметтик тестти (тесттерди) тандоосу, ал тандап алган адистиктен көз каранды болот. Абитуренттерге химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили, кыргыз тили жана адабияты боюнча предметтик тесттери сунушталат”.

Батракеева абитуриенттердин туруктуу колдонгон номери менен каттоодон өтүүсү маанилүү дейт.

“Онлайн катталып жатканда логин катары абитуриенттин колдонгон телефон номери берилет. Бул номерди тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болгонго чейин сактап коюу керек. Анткени бул логинди каттоодо гана эмес, жогорку окуу жайга тапшырып жатканда дагы пайдаланат. Абитуриенттер ушуга көңүл бурса, бул абдан маанилүү”.

Мындан сырткары Чынара Батракеева ЖРТга даярдануу үчүн ББОУБ www.testing.kg сайтында онлайн-тесттерди, компьютердик жана бланк түрүндөгү сынак тесттерди, акысыз жана кошумча акыга сатылган колдонмолорду сунуштайт. Ошондой эле ББОУБ www.testing.kg сайтында жана youtube каналында ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактар жеткиликтүү экенин маалымдады.

Нурзат КАЗЫБЕКОВА

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер