ЖОЖДОРГО КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУГА КАТТОО БАШТАЛДЫ

  • 19.10.2026

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алууга даярдыктар башталды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (ИЖББИМ) жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кышкы кабыл алууну өткөрүү иштерине киришти.

Министрликтин буйругу менен жалпы республикалык тестирлөөнүн кошумча турун өткөрүү мөөнөттөрү такталып, ага ылайык 2026-жылдын 14-октябрынан 29-октябрына чейин абитуриенттерди каттоо Билим берүүнүн сапатын баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында, ошондой эле «Түндүк» тиркемеси аркылуу жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 2026-жылдын 19-ноябрында тестирлөө борборлорунда кошумча каттоо өткөрүлөрү кабарланды.

Ал эми жалпы республикалык тестирлөө 2026-жылдын 20-, 21- жана 22-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин жана академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин базаларында өткөрүлөт.

Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу окуу акысы төлөнүүчү келишимдик негиздеги орундарга гана жүргүзүлүп, жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундарга жогорку окуу жайынын кароосу боюнча ишке ашырылат. Кышкы кабыл алуу  жогорку окуу жайларынын жана даярдоо багыттарынын же адистиктеринин толук тизмеси Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин расмий сайтына жарыяланган.

Жогорку окуу жайларга кирип да карасаңыз болот.
А.К., «КБ»
Бөлүшүү