ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН БИРДИКТҮҮ ПЛАТФОРМАСЫ: I ТУРДА 30 МИҢДЕН АШУУН ТАЛОН ТҮШТҮ

  • 27.07.2020
  • 0

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун I турунда (20-22-июль) «Абитуриент Онлайн» (https://2020.edu.gov.kg/) системасына 30 173 талон келип түштү. Анын 12 121и бюджеттик орундарга, 18 052 талон келишимдик негизде билим алууга.

Системадагы 64 жогорку окуу жай тарабынан 17 694 абитуриент кабыл алууга сунушталды. 10 927 абитуриент тандаган окуу жай жана адистиги боюнча билим алуу ниетин тастыктады. Анын 2301и бюджеттик орундарда, 8626сы келишимдик негизде билим ала алат.

Онлайн кабыл алуунун ар бир турунда абитуриентте экиден талон болот. Анын бирин келишимдик негизде, экинчисин бюджеттик негизде билим алууга таштай алат.

Абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Мындан сырткары, абитуриенттин үйүндө отуруп эле санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруусуна жол ачат, бардык абитуриенттер үчүн бирдей шарт жаратат, окуу жайлардагы кабыл алуу комиссияларынын ишин оптимизациялайт, алардын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин азайтат.

ЖОЖдорго кабыл алуунун  II жана III турунун өтүү убактысы:

  • 2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун тастыктоосу зарыл.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер