ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУ БОСОГО БАЛЛЫ КАНЧА?

  • 05.07.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйругу бекиди.

ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУ БОСОГО БАЛЛЫ КАНЧА?

Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана   келишим боюнча акы төлөнүүчү  окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

  • Педагогикалык, укук коргоо иши даярдоо багыттары үчүн гранттыкорунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы  — 120,  предметтик тест – 60.  Келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча –115, предметтик тест – 60 балл.
  • Саламаттык сактоо багыттары үчүн гранттык квоталарга негизги тест — 120 балл болсо, контракттык негиздеги окуу үчүн — 110 балл, ал эми  предметтик тест-60 балл.
  • Айыл чарба илимдери боюнча окутуу багыттары үчүн   гранттык квоталарга жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл, предметтик тест — 60 балл болуп бекитилди.
  • I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест — 105, келишим боюнча акы төлөнүүчү  окутуунун бардык формаларына негизги тест — 100 балл.
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э. А. Алиев атындагы Академиясына сырттан окуу формасына тапшыруучу абитуриенттер үчүн – 100 балл.
  • Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Аскер институтуна бардык даярдоо багыттарына тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн босого балл – 100 балл.

Эскерте кетсек, жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларынын конкурсуна босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер