ЖОЖДОРДУН СТУДЕНТТЕРИ КОРОНАВИРУС ЖАНА АНЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 30.04.2020
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУнун Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун демилгеси менен ТалМУнун табият таануу жана педагогика факультети, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун табият таануу, география факультети, Кыргыз-Өзбек университетинин Медициналык колледжи, НМУнун физика, математика жана информатика кафедрасы биргелешип жогорку окуу жайлар аралык семинар өткөрүштү.

ЖОЖДОРДУН СТУДЕНТТЕРИ КОРОНАВИРУС ЖАНА АНЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Алгач Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун табигый-математикалык билимдер кафедрасынын ага окутуучусу Мадиева Аида «Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган вирустар» деген темада лекция окуп, андан кийин студенттер учурдагы кырдаал боюнча пикир алышышты. Катышуучуларга илдет илдетке чалдыгуунун себеби, белгилери жана алдын алуу жолдору туурасында көптөгөн кызыктуу маалыматтар көрсөтүлдү.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер