ЖОЖДОРДОГУ ДАЯРДЫК: МИНИСТР ГУЛЬЗАТ ИСАМАТОВА ТАЛАСКА ЖУМУШЧУ САПАРЫ МЕНЕН БАРДЫ
- 20.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Талас облусуна жумушчу сапары менен барып, аймактагы жогорку билим берүү тармагынын абалы менен жеринен таанышты. Сапардын алкагында министр Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунда болуп, окуу жайдын ишмердүүлүгүнө жана жаңы окуу жылына карата көрүлүп жаткан даярдыктарга өзгөчө көңүл бурду.
Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы окуу жылына карата окуу процессин уюштуруу, билим берүү чөйрөсүн талапка ылайык даярдоо жана материалдык-техникалык базаны бекемдөө маселелери кеңири талкууланды. Министр Гульзат Исаматова окутуучулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жана студенттердин сапаттуу билим алуусуна зарыл болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу башкы милдеттердин бири экенин баса белгиледи. Анын айтымында, аймактардагы жогорку окуу жайлардын туруктуу иштешин камсыздоо жана жаштарга ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүү мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндөгү маанилүү багыт болуп саналат.
Жумушчу сапардын жыйынтыгында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана окуу жайдын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер каралып, тиешелүү жетекчилерге бир катар милдеттер коюлду. Министр жаңы окуу жылын уюшкандыкта жана жогорку деңгээлде баштоо үчүн бардык даярдык иштерин өз убагында, сапаттуу аяктоо боюнча жооптуу жактарга тиешелүү тапшырмаларды берди.
А.К., «КБ»
Комментарийлер