ЖКНЫН ДЕПУТАТЫ ТАРБИЯЧЫЛАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

  • 21.09.2026

Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов Ош шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тармактагы актуалдуу көйгөйлөр, анын ичинде №39 “Күн нуру” балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылдыгы тууралуу пикир алышуу болду. Жолугушууга катышкан бала бакча кызматкерлери жакында эле Бишкек шаарындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институтунда 72 сааттык атайын окуу курсун ийгиликтүү аякташканын маалымдашты. ЖКНЫН ДЕПУТАТЫ ТАРБИЯЧЫЛАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Эл өкүлү Бекмурза Эргешов инклюзивдүү билим берүү жана сүйлөө өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдар менен иштөө боюнча кесиптик көндүмдөрдү жогорулатууга багытталган мындай окутуулар балдарга сапаттуу тарбия жана билим берүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ошондой эле депутат билим берүү тармагын колдоо, бала бакчалардагы шарттарды жакшыртуу жана педагогдорду квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзүү багытындагы иштер мындан ары да ырааттуу улантыларын кошумчалады.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү