ЖОЖДОР ОРТОСУНДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫГАТ
- 31.07.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Алардын катарында Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы жогорку билим берүү тармагындагы кредиттерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу бар.
Илим министрлигинен билдиришкендей, бул документ:
- Эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары ортосундагы академиялык кызматташтыкты жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга;
- Студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүүгө;
- Окуу процессинде топтолгон билим берүү кредиттерин өз ара таануунун натыйжалуу механизмдерин киргизүүгө багытталган.
«Бул макулдашууну ишке ашыруу Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку билим берүү системаларын андан ары интеграциялоого, бирдиктүү билим берүү программаларын өнүктүрүүгө жана эки мамлекеттин студенттери менен университеттеринин кызыкчылыгында жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт», — деп белгилешти министрликтен.
А.К, «КБ»
Комментарийлер