ЖОЖдор Нооруз майрамын белгилөөдө
- 20.03.2025
- 0
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Нооруз майрамына карата «Улустун улуу күнү» жана Ош мамлекеттик университетинде “Жазда Нооруз утурлап, жаштарыбыз ыр сунат” аталышындагы иш-чаралар өттү.
КМунун ректору, профессордук окутуучулар курамы жана студенттеринин катышуусунда өткөн иш-чаранын жүрүшүндө сүмөлөк ачуу аземи жана улуттук оюндар — аркан тартыш, кыргыз күрөш, ордо, кол күрөш боюнча мелдештер өткөрүлүүдө.
Майрамдык иш-чаранын негизги максаты – улуттук маданиятты өнүктүрүү, салт-санааларды жаңыртуу жана студенттер арасында патриоттук сезимдерди чыңдоо.
Ал эми ОшМунун таланттуу улан-кыздары ырдап, бийлеп, макал-лакап, жаңылмачтарды жана «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, кызыктуу оюн курушту. Майрамдык кеченин соңунда калыстардын баалоосу менен кыздар командасы жеңишке жетти. Студенттер ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө, маданий эс алуусун уюштуруу жана улуттук баалуулуктарды сактоо максатында Сармерден оюну да уюштурулду.
Ошондой эле окуу жайдын коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева активдүү катышкан студенттерге ыраазычылыгын билдирип, калыстар тобу менен биргеликте мактоо баракчаларын тапшырды.
Комментарийлер