ЖОЖдор ИНДЕКСТЕЛҮҮЧҮ МААЛЫМАТ БАЗАСЫНА КИРҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК АЛАТ
- 21.12.2022
- 0
21-декабрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосунда эл аралык илимий-метрикалык маалыматтар базасына жазылууну сатып алуу үчүн консорциум түзүүгө макулдашылды.
Аталган келишимдин негизинде жогорку окуу жайлары төмөндөгү индекстелүүчү маалымат базасын колдонууга мүмкүнчүлүк алат:
— 25 000дөн ашуун рецензияланган илимий-техникалык жана медициналык журналдарга (7000ден ашуун эл аралык басмаканалар тарабынан чыгарылат);
— 200 000 ден ашуун китеп;
— конференциялардын материалдарынын кеминде 10 миллион басылмаларына;
— 5 патенттик ведомстводон кеминде 45 млн патентке;
— 20 000ден ашуун методикалык маалыматтарды экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө;
— атрибуттары бар толук жана ар тараптуу автордук профилдер: цитаталар, документтер, дүйнө жүзүндөгү бардык активдүү изилдөөчүлөр үчүн авторлоштор;
— күн сайын жаңыланган маалымат базасына.
Комментарийлер