ЖОЖДОР АРАЛЫК ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

  • 28.10.2021
  • 0

28-октябрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-бажы факультети тарабынан «Студенттин укук, милдет, жоопкерчилигин так аткаруусу-кесипкөй адис болуунун негизи катары» аттуу аймактык жогорку окуу жайлар аралык тегерек стол өттү.

Ага университеттин окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сыргак Сарыков, юридика-бажы факультетинин деканы Алмагүл Көкөева, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, студенттери катышты.

Иш-чаранын  жүрүшүндө катышуучулар тарабынан кызыктуу баяндамалар жасалып, талкуу, суроо-жооп, ой-пикирлер менен коштолду.

Бөлүшүү

Комментарийлер