ЖОЖ ОКУТУУЧУЛАРЫ НАРЫНДА
- 21.06.2023
- 0
Кыргызстан эл аралык университетинин алдыңкы окутуучуларынан жана жогорку курстардын студенттеринен турган топ Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда болушуп, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү менен бирге англис тили мугалимдерине семинар-тренингдерди өтүп, усулдук жардам көрсөтүп кайтышты.
Аталган университеттен барган топто АКШдан келген англис тили боюнча адис Венди Финлайсон, Кыргызстан эл аралык университинин ага окутуучусу, тренер Гүлнара Акунова, окутуучу Карыбек кызы Асыл, 3-курстун студенттери Айдарбекова Азема жана Азаматова Жылдыз бар.
14-июнда алар Ат-Башы районунун 17 мугалимине тренинг өтүп, Кыргызстан эл аралык университети тууралуу кенен маалымат берип, өздөрү менен бирге ала келген промо-материалдарды мугалимдерге акысыз таратышты. Мугалимдер тренингге кызыгуу менен активдүү катышып, алган билимдерин практика жүзүндө колдоно тургандарын айтышып, Ат-Башы району борбордон алыс жайгашкандыктан, бул жакка тренерлер оңой менен келбегенин белгилешти. Эми семинар-тренингдин темаларына кайрылсак, алардын ар бири мугалимдер үчүн пайдалуу болду. Америкалык ыктыярчы Венди Финлайсон “Active Learning: Creating a Communicative Classroom”, Гүлнара Акунова “The Importance of Using PDP in Receptive Skills”, Карыбек кызы Асыл “Using Activate Games for Conversation Practice”, Айдарбекова Азема “Teaching with Limited Resources”,
Азаматова Жылдыз “Correcting Mistakes with the help of Speaking Activities through Pictures” деген темада тренинг өттү.
15-июнда борбордон келген окутуучулар Нарын районунун жана Нарын шаарынын 12 мугалимине жогорку класстардын окуучуларына кесиптик багыт берүүгө багытталган зарыл маалыматтарды айтып беришти. Ал эми Кыргызстан эл аралык университетинин «Филология» кафедрасынын 3-курсунун студенттери Айдарбекова Азема жана Азаматова Жылдыз жергиликтүү мугалимдер менен «Англис тилин окутуунун методикасы» курсунан үйрөнгөн методдору менен бөлүштү.
Жылдыз Азаматова «Сабакта сүрөт колдонуу аркылуу окуучулардын каталарын оңдоо» деген темада мугалимдерге кызыктуу маалымат берсе, дагы бир студент Айдарбекова Азема «Чектелген ресурстар менен кантип окутуу керек» деген темада баяндама жасады.
Ага окутуучу Акунова Г.Т. «Окуу жана угууда PDP тизмегин колдонуунун маанилүүлүгү» семинарында көнүгүүлөр аркылуу тапшырмаларды талкуулап, мини-сабак көрсөтүп, акырында мугалимдердин сунуш, ой-пикирлерин укту. Окутуучу Карыбек кызы Асыл активдүү оюндарды сабакта колдонуу процессин көрсөтүп берди. Мугалимдер «такта оюндарын» практикалык сабакта ойноп көрүп, алган билимдерин бекемдешти.
— Бул жолку билим кербенин Кыргызстан эл аралык университети менен Бишкектеги АКШ элчилигинин колдоосунда өткөрдүк. Америка элчилиги мугалимдерди англис тилиндеги кызыктуу китептер, көрсөтмө куралдар, сабакка зарыл шаймандар менен камсыз кылды. Мугалимдер Кыргызстан эл аралык университетине жана Бишкектеги АКШ элчилигине ыраазычылыктарын билдиришип, ушундай мазмундагы семинар-тренингдердин дагы да болуп турушун өтүнүштү, — дейт тренер Гүлнара Акунова.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер