ЖОЖ/МЕКТЕП: ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУДАГЫ КЕЛИШИМ

  • 19.02.2026
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтундагы башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасы менен Мурас Ордо (Озерное) айылында жайгашкан Таалайбек Жайылов атындагы № 106 жалпы билим берүүчү мектебинин ортосунда эки тараптуу өз ара кызматташтык келишими түзүлүп, кол коюлду.

ЖОЖ/МЕКТЕП: ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУДАГЫ КЕЛИШИМ ЖОЖ/МЕКТЕП: ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУДАГЫ КЕЛИШИМ

Аталган келишимди ишке ашыруу багытында 21-февраль — эл аралык Эне тил күнүнө арналып, № 106 мектептин директору Клара Айтпаева жетекчилиги алдында аталган мектепте мугалимдик кесипте эмгектенген В.И.Мусаеванын аспиранты Мээрим Намазбекова тарабынан  уюштурулган «Улут болсом тилим менен улутмун, улук болсом тилим менен улукмун» аттуу илимий-практикалык конференцияда п.и.д., профессор В.И.Мусаева Кыргыз Ре6спубликасынын «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган «Кыргыз тилин этнопедагогикалык негизде окутуу» аттуу темада семинар-тренинг өткөрүп, мугалимдердин жана окуучулардын кызуу колдоосуна ээ болду.  Эки тарап мындан ары конок лекцияларды, конок сабактарды, педагогикалык практикаларды, кесипке багыт берүүчү профориентациялык иштерди ж.б. окутуп-тарбиялоочулук маданий-массалык иш-чараларды биргелешип ишке ашырууну макулдашышты.

— Бул иш-чара жогорку окуу жайлардын, факультет-институт, кафедралардын жалпы билим берүүчү мекемелер, орто мектептер менен биргелешип окутуу, тарбиялоо ишмердүүлүктөрүн  ишке ашыруу максатындагы  өз ара байланыш жана кызматташтыктын алкагында өттү, — дейт профессор.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер